Британия гезити: БУУнун кызматкерлери 60 миңге жакын жаш балдар менен алсыз аялдарды зордуктаган

508
0

Британия гезити: БУУнун кызматкерлери 60 миңге жакын жаш балдар менен алсыз аялдарды зордуктаган

Британиянын “The Sun” гезити БУУнун чыныгы жүзүн ача турган кабар таркатты. Гезиттин кабарлашынча, БУУ кызматкерлери өткөн он жыл ичинде 60 миңге жакын кызматкери зордуктоо кылмышын ишке ашырган. Жабыркагандардын арасында жаш балдар да көп. Бул тууралуу БУУга караштуу “Гуманитардык жардамдарды макулдашуу борборунун” мурунку директору Эндрю МакЛеод гезитке берген интервьюсунда билдирген.

“Мындай жырткычтар, гуманитардык жардамдарды ташыган уюмдар тарабынан тапшырылган кызматтардан пайдаланышып, алсыз аялдарды жана жаш балдарды  зордукташкан”,- деди МакЛеод.

 “Бүткүл дүйнөдө гуманитардык жардамдарды таркатуучу он миңдеген жумушчулардын жаш балдарга карата жыныстык ыктоосу бар. ЮНИСЭФ борборунун формасын кийип алсаңыз, эч ким сизден эмне кылып жатканыңызды сурабайт. Эмнени кааласаңыз кылышыңыз мүмкүн. Сиздин ишиңизди тергеп-тескөөгө мүмкүнчүлүк жок”,- деп кошумчалады БУУнун мурунку жетекчиси.

МакЛеоддун эсебинде, балдарды зордуктаган БУУ жана анын астындагы уюмдардын кызматкерлеринин саны 3300 кишиге жетет. МакЛеод бүткүл дүйнө бойлоп гуманитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар аркылуу жайылган бул ишти чума оорусуна окшоштурду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here