Казакстан хижаб жана сакалга тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууда

386
0

Казакстан хижаб жана сакалга тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууда

 Казакстандын дин жана жарандык коом иштери боюнча министри Нурлан Ермекбаев диний ишердүүлүктү өзгөртүүгө байланыштуу пландары боюнча бөлүштү. Бул тууралуу Tengrinews агенттиги кабар берди.

 Кабарда келишинче, Казакстан межлисинде диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер маселелери тууралуу айрым мыйзамдарга оңдоп-түзөө жана кошумчалар киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып чыгууда.

 “Мыйзам долбоорунун астында нормативдүү актылар иштеп чыгылат, а түгүл эскиздер да сунушталат. Ар кандай көрүнүштөгү сакалга тыюу салынбайт, бирок, эскиздер жана мүнөздүү белгилерге тыюу салынат. Сөз бардык сакалдар тууралуу эмес, сөз диний жетекчилер тууралуу да эмес, сөз жалаң гана бузулган диний агымдарды жайылтуучулар тууралуу. Бул жерде тышкы белгилер менен катар, алардын эмне тууралуу сүйлөп атканы, эмнени жайылтып жатканы маанилүү рол ойнойт”,- деди Ермекбаев.

 Министрдин ишенимдүү түрдө белгилешинче, бул иштерден кийин да мамлекетте мурункудай дин эркиндиги сакталып калат.

 “Эксперттер бул белгилер бузуку диний агымдарга тиешелүү же тиешелүү эмес экенин аныктап беришет. Бардыгы белгиленет, сакалдын узундугу да, башка белгилер да аныкталат”,- деп билдирди министр.

 Жаңы мыйзам долбоорунда жүзүн жапкан кийимдерге тыюу салуу да сунушталууда.

 “Хижаб менен никабды алмаштырбоо керек. Мыйзам долбооруна ылайык, ҳижаб боюнча эч кандай сөз жок. Оромол боюнча да кудум ушундай. Бирок, жүзүн жаап туруучу никаб, либас боюнча сөз жүрүүдө. Мында диний кийимдер эле эмес, балким медициналык, балаклава сыяктуу кийимдер да көздө тутулушу мүмкүн. Ошентсе да спорттук мелдештер, кызмат жүзөсүнөн зарылдык туулган абалда, куруучулардын атайын кийимдери, климатка тиешелүү никабдануу мунун сыртында”,- деп маалымдады Ермекбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here