Сирия улуттук байланыш конгрессине катыша турган оппозиция өкүлдөрүнүн тизмеси жарыяланды

291
0
Cumhurbaşkanı Recep Tayyip Erdoğan, Rusya Devlet Başkanı Vladimir Putin ve İran Cumhurbaşkanı Hasan Ruhani'nin katıldığı "Suriye" konulu üçlü zirve toplantısı saat 16.40'ta başladı. ( AA - Anadolu Ajansı )

Сирия улуттук байланыш конгрессине катыша турган оппозиция өкүлдөрүнүн тизмеси жарыяланды

Ушул күндөрдө Сириядагы Идлиб шаарынын туругундарын кыргын кылып жаткан Орусиянын башчылыгында, Сирияда саясий жеңиш доорун талкуулоо үчүн “Сирия улуттук байланыш конгресси” иш баштады. Бул конгресс Иран менен Түркиянын колдоп-кубаттоосу астында өткөрүлүүдө. Конгресске чакырылгандардын тизмесинде Сирия оппозиция өкүлдөрүнөн 300гө жакын кишинин ысымы бар.

“NTV” маалымат агенттиги таркаткан кабарда келишинче, Сирия оппозиция өкүлдөрү Сочиге Женева, Анкара, Каир жана Дамасктан келишет. Тизмеде Түркия тарабынан сунушталган 100гө жакын кишинин да ысымы бар. Женевадан жалпысынан 113 кишиге, Дамасктан 44 кишиге, Каирден 29 кишиге чакыруу жиберилген. Өз алдынча катыша турган оппозиция өкүлдөрүнүн саны 10 кишиден турат. Сирия күрд улуттук кеңешинен 24 кишинин катышуусу күтүлүүдө.

Тизмеде 67 мүчөгө ээ болгон Түркиядагы оппозициянын эң ири тобу саналган “Сирия улуттук коалициясынан” 4 кишинин гана ысымы кошулган. Бул топтун жетекчиси жана башкы катчысы чакырылбаган. О.э “Сирия улуу кеңешинин” жетекчиси Наср аль-Харирийдин аты да чакырылган коноктордун тизмесинде келбеген. “Сирия улуттук коалициясынын” мурунку жетекчиси Ахмад Жарбанын тобунан чакырылгандардын саны болсо 54кө жетет.

Сочиде өткөрүлүп жаткан демократиялык “Сирия улуттук байланыш конгрессине” жалпысынан 1500 киши, анын ичинде Асад режиминин өкүлдөрү да катышууда. Катышуучулардын ысымдары интернет сайттарында бирме-бир жарыяланган.

Сирия оппозициясы тарабынан белгиленген “сүйлөшүүлөрдүн башкы жетекчиси” Сочидеги жыйынга катышпай турганын жарыялаган. Кабарларда айтылышынча Түркия өкмөтү Сирия оппозиция өкүлдөрүн конгресске катышууга чакырган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков, айрым адамдардын “Сирия улуттук байланыш конгрессине” катышпоосу конгресстин маанилүүлүгүнө зыян жеткире албай турганын билдирди. Песковдун ырасташынча, бул конгресс Сирия маселесин чечүү жолундагы маанилүү кадам болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here