Менде бир суроо бар

344
0

Ассаламу алайкум Туркистон сайтынын кызматкерлери. Менде бир суроо бар, ушуга анык кылып жооп беришиңиздерди суранам.

Суроо: Ислам Кызматташтык Уюмуна араб жана мурдагы исламий өлкөлөр кирет. Бул жетекчилер куфрдун малайлары экендиги анык. Бирок, бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Трамптын Кудус боюнча жарлыгына каршы чыгып, борбору Чыгыш Кудус болгон Палестина мамлекетин тааный тургандыгын жарыя кылышты. Бул рувайбиза акимдер колонизаторлордун малайы болуп туруп, кантип коркпостон ушундай чечим кабыл алышты?

 БУУ да АКШнын таасири астындагы уюм деп айтылат. Ал да Трамптын жарлыгын тааныбады. БУУ АКШ түзгөн уюм болуп туруп, эмне үчүн Трамптын жарлыгын – мамлекеттердин добуш берүүсүнөн келип чыгып – четке какты. Же бул АКШ алдын ала даярдаган сценарийби?  Бул эки саясий абалды түшүндүрүп бериңиздер. Жооп үчүн алдын ала рахмат.

Ва алайкум ассалам

Жооп: Кудусту (Израил)дин борбору катары таануу боюнча жарыя кылынган жарлык Трамптын пикири эмес, башкача айтканда, АКШнын дүйнөлүк стратегиясына ылайык тактикалык аракет болду. Учурда (Израил)ди араб өлкөлөрү толук тааныбайт. Мусулмандар да муну арам деп билет. (Израиль) болсо Палестинаны дээрлик басып алды. Демек, Трамптын Кудус жөнүндөгү сөзү Араб өлкөлөрү (Израил)ди таанышын тастыктап алуу жана ушул күнгө чейин (Израиль) басып алган жерлер (Израил)ге тийиштүү экендигин Ислам өлкөлөрүнө тастыктатып алууга каратылган. Т.а. “Кудус (Израил)ге тийиштүү эмес” деген теманын өзү ката. Бул нерсе,  (Израил) Палестинадан тартып алган жерлер анын акысы экендигин моюнга алуу менен бирдей.

Дүйнөлүк куфр системасы Трамптын тили менен көтөрүп жаткан Кудус маселеси минимум жана максимум кызыкчылыктарга жетишүүнү көздөгөн. Минимум максаты – жогоруда айтылган (Израил)ди жана ал басып алган жерлер ага тийиштүү экендигин моюнга алдыруу менен чектелип, Трамптын сөздөрү четке кагылганы сыяктуу маселени жаап жиберүү менен токтотуп коюу. Максимум максат – мусулмандардын мамилесине карай т.а. мусулмандар суздук кылышканда Трамп аркылуу көтөргөн маселени ишке ашырып жиберүү!

Куфр дүйнөсү бул жарлык аркылуу мусулмандар этикадда – ушунча кордук, кыргын жана зулумдардан кийин – канчалык алсырап калгандыгын текшерип көрүштү. Мусулмандар жарлыкка  реакция билдирип, көптөгөн исламий өлкөлөрдө нааразылык акциялары башталып кетти. Мына ошондон кийин, Трамп көтөргөн Кудусту кор кылуу маселеси азырынча эртерээк экендигине көздөрү жетип, бул маселени убактылуу жаап турууга токтом кылышты.

Тыянак кылып айтсак, Түркия, Ислам Кызматташтык уюму жана башка куфр түзүп берген бардык уюмдар куфрдун кызыкчылыгына параллел аракет кылышты. Куфр системасы дүйнөдө “муътадил (мээлүүн) ислам” долбоорун көтөрүп чыгууда. “Муътадил ислам” куфрдун бардык саясий аракеттерине көңүл буруудан кайтарат. Мусулмандарды намаз, орозо сыяктуу ибадаттарга уруксат берилип жаткандыгына шүгүр кылып жашоого чакырат. Демек, куфр Палестинада Кудус маселесин көтөрүү менен “муътадилдик” үммөттүн арасында канчалык тамыр жайганын текшерип көрмөкчү болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here