Парламенттин 5 депутатына кылмыш иши козголгон
Кыргызстанда 2017-жылы паламенттин алтынчы чакырылышыныдагы беш депутатына, эки сотко, бир прокурорго жана төрт министрлик менен мекеменин жетекчилерине Кылмыш кодекснинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчисинин орун басары Тилек Чокморов билдирген.
Анын маалымдашынча, өткөн жылы коррупция боюнча 210 кылмыш иши козголгон. Мамлекет 1 млрд 448 млн сомдук зыян тарткан.
“210 иштин 72си кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 14ү опузалап акча талап кылуу, 10у бажы жана салык төлөмдөрүнөн качуу абалдарына тийиштүү”,- деп кошумчалаган Тилек Чокморов.
Анын баса белгилешинче, коррупция менен күрөш күчөтүлгөнүнө карабастан, кыргызстандыктар дагы эле мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамга тескери аракеттерине дуушар болушууда.
Туркистон:
Эсиңиздерде болсо 2017-жылдын жай мезгилинде автокырсыктар көбөйүп кеткени тууралуу ызы-чуу көтөрүлгөн эле. Кыргызстан өкмөтү, парламенти, маалымат каражаттары жана коомдук активисттер ушул темага олуттуу көңүл буруп, ал тургай мечит имамдары да ушул темада хутба кылууга буюрулган эле. Коомчулук эмнеге автокырсыктар мынчалык көбөйүп бара жатты экен деп тынчсыздана баштады. Сентябрь айына келип ИИМ тарабынан жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн жаңы штрафтар киргизилди.“АВТОгид” маалымат кызматы кабарлагандай, жол эрежесин бузгандар үчүн штрафтын көлөмү 4 эсеге көтөрүлгөнү тууралуу ИИМдин расмий кабары таратылды. Ошондон кийин кайрадан тынчып калды. Эмне, автокырсыктар токтоп калдыбы?
Коррупцияга каршы күрөш да “исламий терроризм же экстремизм “ге каршы күрөш сыяктуу эле алдын ала пландаштырылган кызыкчылыктарга карай уюштурулат. Бул нерсе маалыматтык чабуул деп аталат. Максаты, мурдатан пландаштырылган бирер ишти жүзөгө чыгаруудан мурда ушул ишке коомчулукту даярдап алуу!
Кыргызстандагы жетекчи топ коррупцияга каршы күрөшүү шылтоосу менен өзүнө жакпаган чиновниктерден кутулууну көздөп жатканын элдин баары эле билип турат. Бул көрүнүш Кыргызстанда эле эмес. Башкача айтканда, бул нерсе дүйнөлүк капиталисттик системанын ички атаандаштык механизми болуп калды. Алар Ислам мабдаъсына каршы күрөштө мусулмандарга каршы кудум ушундай жалаа жабуу негизиндеги маалыматтык согуш механизминен пайдаланып келишет! Максаты болсо кудум эле Кыргызстан бийлигиндей, башкача айтканда, убактылуу бийлигинен пайдаланып, атаандашынан кутулуп алуу.