Иранда башаламандык уланууда

351
0

Иранда башаламандык уланууда

Иран калкы бийликтин саясатына нааразы болуп көчөгө чыкты. Тегерандагы жана башка шаарлардагы нааразылык акциялары күндөн-күнгө күчөп барууда. Мамлекеттик маалымат каражаттары, нааразылык акциялары 1200дөн ашуун калктуу пункттарда катталгандыгын кабарлашты. Сирия маселесине аралашууну токтотуу талабы менен чыгып жаткан митингчилер тынымсыз “Руханиге өлүм”, “Диктаторго өлүм” деп кыйкырып жатышат.

Расмий кабарларга таянсак, бүгүнкү күнгө чейин 12 адам өлгөн. Тегеран университетинин ичиндеги митингчилер мамлекеттин ички жана тышкы саясатын сындаган ураандар менен чыгышууда. Ал эми өкмөттүк күчтөр буга жооп иретинде коопсуздук чараларын күчөтүүдө.

“Рейтерс” маалымат агенттиги кабарлагандай, Тегеран полициясы Фирдавсий аянтындагы митингчилерди таратуу үчүн суу чачуучу машиналарды колдонгон. Занжан провинциясында митингчилер менен полиция ортосунда кагышуулар жүз бергендиги айтылууда.

Тегеран шаар башчысынын коопсуздук маселелери боюнча орун басары Али Асгар Насир Бахт митингдерге катышкан 200дөй адам камакка алынгандыгын жана алардан 40 адам козголоң жетекчилери экендигин билдирди.

Тегерандын мэри басма сөз билдирүүсүндө борбордо ар кандай митинг өткөрүү мыйзамсыз экендигин билдирип, элди эскертти. Жергиликтүү булактардын кабарлашынча, коопсуздук күчтөрү негизги аянттарда катуу көзөмөл орноткон. Борбордо жана чоң шаарларда кырдаал курч бойдон калууда.

Туркистон: 

“Иран Ислам республикасы” – бул Иран Ислам элдик башкаруусу дегени. Бул болсо, куфрду Ислам менен аралаштырып жиберген, Исламды куфр башкаруусу үчүн чүмбөт кылып алууну түшүндүрүп, бул мамлекет шаръий жактан (дарул куфр) куфр мамлекети деп этибар кылынат!

Ушул күндөрдө башталып калган Иран элдик козголоңу, негизи ондогон жылдардан бери жетилип келе жаткан илманий (светтик) көз караштагы оппозиция өкүлдөрүнүн кезектеги аракети болуп эсептелет. Иранда Ислам менен илманийлик аралаштырып жиберилди. Натыйжада тышкы көрүнүшү исламий болгон куфр негизиндеги түшүнүксүз бир мамлекет пайда болду. Бул мамлекеттин экономикасы да табигый түрдө бирер акыйдадан келип чыккан тунук мыйзамдарга негизделе албайт. Себеби, Иран дүйнөлүк куфр системасы менен өнөктөш болуп жашоого мажбур о.э. эл аралык саясий уюмдарга мүчө болгондуктан, эл аралык мыйзамдарга баш ийип жашоого мажбур. Бул болсо, Иран саясатта да, экономикада да исламды негиз кыла албастыгын түшүндүрөт. Демек, Иран Ислам республикасы Ислам дининен чектелген өлчөмдө гана пайдаланат. Бийлик Исламий көрүнүштөр, бидъат ырым-жырымдар жана куфр жетекчилигине карата жасалма исламий фатваларды берүү менен калкын алдап келет. Натыйжада, мамлекет саясий жана экономикалык жактан начар абалга түшүп калды.

Ирандын экономикалык абалы негизи дүйнөлүк куфр системасы менен бирге аракеттенип жаткандыгынын натыйжасы экендигине карабастан, калкынын нааразылык аракеттери исламий жетекчиликке каратылууда. Себеби, Ирандын чыныгы жетекчиси болуп эсептелген аятулла Хаменеий мамлекетти Ислам принциптери менен башкарып жаткандыгын дабаа кылып келет. Илманий дүйнөлүк система диний жетекчиликтин ушунусунан пайдаланып, “Ирандын бардык ката-кемчиликтери дал ушул динге негизделгендигинен келип чыгууда” деген түшүнүктү тыгыштырып келет.

Иранда революциялык аракеттер күтүлүп жаткан жок! Себеби, бул мамлекетте революциялык пикирий мухит жок. Иранда мамлекеттик башкаруу структурасын өзгөртүү аракеттери болууда. Т.а. илманий күчтөр, бүгүнкү күндө элдин назарында аброю төмөндөп кеткен диний жетекчи топту бийликтен четтетип  жибермекчи болушууда. Бул күтүлүп жаткан табигый жараян болуп, ар кандай кубат ээси – ал тургай, Исламды куфр жардамы, кызматташтыгы же куфр каражаттары менен бийик кылууну көздөгөн  күндө да – мындан башка натыйжаларга жетише алмак эмес!

Ирандагы бул абалды илманийлик революциялык аракет деп бааласак болот. Алар, керек болсо Исламга оролгон куфр түзүмүнө да ыраазы болбой жатышат. Аныгыраагы, Иранда Исламга оролгон куфр түзүмүнүн табигый кризистик жараяны жүз берүүдө. Т.а. учурунда куфр үчүн өтө пайдалуу болгон жасалма исламий мухит эми керексиз болуп бара жаткандай! Же болбосо, Исламдан башкага көнбөй  жаткан Иран калкы, учурдагы бузук исламий жасалма түзүмдөн тажады. Дүйнөлүк куфр системасы бул күндү көптөн бери сабырдуулук менен күтүп келди жана ушул күндү тездетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып жатат!

 Саудияда деле кудум ушул сыяктуу бузук түзүм өкүм сүрүүдө. Ирандын бул бактысыз абалы бир күнү Сауддардын да башына түшөт,инша Аллах! Саудиянын куфр мамлекеттеринен миллиарддаган доллардык курал-жарак сатып алып жатышы,балким ошол күндүн алдын алуу үчүн аракет болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here