Эрбаш: Шарият мыйзамдары менен мамлекет мыйзамдары ортосунда карама-каршылык бар
Түркиянын Диний башкармалыгынын башчысы профессор, доктор Али Эрбаш учурда мамлекеттин мыйзамдары менен шарият өкүмдөрү ортосунда айырма бар экендигин жана бул экөө бири-бирине шайкеш эместигин билдирди. Диний башкармалык тарабынан мамлекеттин мыйзамдарына тескери көрүнүштө чыгарылган фатваларга маалымат каражаттарында реакциялар болушу Али Эрбаштын “Евразия Ислам Кеңешинин жыйынында” бул тууралуу сөз кылышына түрткү болду. Эрбаштын айтымында, диний башкармалык тарабынан чыгарылган фатвалар менен мамлекеттик мыйзамдар ортосунда карама-каршылыктар бар. Биринде жаиз болгон нерсе, экинчисинде арам болушу мүмкүн.
Али Эрбаш: “Мисалы, мамлекеттик түзүмдөгү мыйзамдуу (адал болгон) иш диний көз караштан жаиз болбостугу т.а. арам болушу мүмкүн. Буга пайыз (сүткордук) маселесин мисал келтирсек болот. Пайыз мамлекеттик мыйзамдар боюнча мыйзамдуу көрүнүш (т.а. адал). Ал эми, ага Ислам дининде тыюу салынган. Же мас кылуучу ичимдиктер, кумар оюндары, лотереялар ж.б.у.с… Булардын арамдыгы аяттарда ачык-айкын баяндалган. Булар жөнүндө берилген суроого “жаиз эмес” же “арам” деген фатва берилген болсо, кээ бирөөлөр өздөрүнчө бул фатвага каршы чыгышат. Бул жерде мамлекеттин назарында мыйзамдуу (адал) болгон нерсе кээде диний көз караштан жаиз эместиги, арам экендиги белгилүү. Жарандар муфтият тарабынан чыгарылган фатваларды көргөндө ушул нерсеге көңүл бурушун каалайт элем”, – деди.
Али Эрбаш мамлекет уруксат берген нерселерге арам деген фатва берилишине каршы чыккан адамдарга раддия берип, шаръий өкүмдөр мамлекеттин мыйзамдарына эмес, Куран, Сүннөт, Ижма жана Кыяска таяна тургандыгын баса белгиледи.
“Айрыкча, кээ бирөөлөр “мамлекет мыйзамдуу (адал) кылып койгон нерселер, же иштерди сен кандай арам кыла аласын” деген сөздөрдү айтышат. Бул жерде муфтияттын же фатва берүү милдети жүктөлгөн адамдардын таяна турган негиздери Куран, Сүннөт, Ижма жана Кыяс. Мындан тышкары, мазхабдардын көз караштары да бар”, – деди Али Эрбаш.
Диний башкармалыктын башчысы сөзүнүн аягында Курани Каримдин Маида сүрөсүнөн төмөнкү аятты келтирди:
أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
“Динсиздик өкүмдар болушун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?!”. (5:50)