Генерал Макмастер: Муътадилдик маселесинде АКШ Түркияга муктаж

196
0

Генерал Макмастер: Муътадилдик маселесинде АКШ Түркияга муктаж

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси генерал Герберт Реймонд Макмастер Америка муътадилдик (динди мамлекеттен алыс кармоо) маселесинде Түркияны ар дайым колдоп келе жаткандыгын жана муну токтотуу ниети жоктугун билдирди. Макмастердин айтымында, Ислам дүйнөсүнө заманбаптык, муътадилдик жана өнүгүү кандай болушун көрсөтүүдө Түркиянын ролу өтө маанилүү. Бул маселеде АКШ Түркия муктаж.

“АКШ көптөн бери Түркияны колдоп-кубаттап келет жана мындан кийин да ушундай болот. Түркия көптөгөн жылдардан бери Ислам дүйнөсүнө реформаларды жүргүзүүнүн, заманбап кылуунун, муътадилдиктин жана өнүгүүнүн көркөм үлгүлөрүн көрсөтүп келе жатат. АКШ, Европа жана Жакынкы Чыгыш Түркиянын бул жолдо үлгү болушуна муктаж”, – деди Макмастер.

О.э. ал АКШ менен Түркия экстремисттик коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүсү керектигин кошумчалады. Макмастердин айтышынча, Сирия террорчу топтордун коопсуз борборуна айланып калышынын алдын алуу үчүн АКШ бийлиги Түркия менен биргеликте аракет кылышы керек.

“АКШ менен Түркия башка союздаштары менен кызматташтыкта бул коркунучтарга (Радикалдык идеологияларга) каршы биргеликте аракет кылышы керек. Мен да президент Дональд Трамп сыяктуу эле, Түркия менен АКШ ортосундагы бекем союзга ишене турган адамдардын биримин”, – деди кеңешчи.

Макмастер бул аркылуу, буга чейин Түркия жөнүндө берген билдирүүсүнө түзөтүүлөрдү киргизгендей болду. Ал өткөн шейшемби күнү маалымат каржаттарына берген билдирүүсүндө, Түркия радикалдык исламий идеологияны жайылтуучуларды колдоп-кубаттоочу мамлекеттердин бири экендигин айткан эле. Буга жооп иретинде Түркиянын тышкы иштер министрлиги: “Мамлекетибизде терроризм жана радикализмдин ар кандай түрү менен менен кантип күрөшүп жатканыбызды эң жакшы билиши керек болгон адамдын чындыкка коошпогон сөздөрү кабыл алып болбой турган таң калычтуу жана негизсиз”, – деген билдирүү тараткан эле.

Туркистон: 

Мээлүндүктү маска кылып алган куфр башчылары, кылган аракеттери менен кимдигин көрсөтүшүүдө. (Сен мага досуңунду айтсаң, мен сенин кимдигиңди айтып берем)

Кыргызстанда мээлүндүккө негизделген уламалар дагы, муну түшүнүп жетип, өздөрүнүн башчылары ким экенин билип алса жакшы болоор эле. Себеби, мээлүндүк термини менен кирип келе жаткан агым, куфрга итаат кылып, ага моюн сунуп жашашты үйрөтө турган рабытадыр, тактап айтканда аны гойриисламий агым деп атасак тураарак болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here