Сириядагы Америка менен Орусиянын акыркы аракеттери
Cуроо:
Биз билгенибиздей Орусия Сирияда оппозиция менен саясий чечимге жетишүү абалын жаратуу жана режимди сактап туруу максатында Америка менен келишкен же анын буйругу аркылуу Сирия маселесине аралашкан. Бирок, Америка Орусиянын Сирия режими менен оппозоциясынын ортосун жакындаштырууга болгон аракеттерине, тагыраагы, Астана жана Сочидеги жолугушууларына сыртын салып койду. Америка бул жолугушууларга Иордания сыяктуу байкоочу катары гана катышып койду. Муну кандай түшүнсө болот. Рахмат.
Жооп:
Мунун түшүндүрмөсүн эки ооз сөз менен эле айтып койсо болот. Американын текебердиги жана Орусиянын саясий аңкоолугу. Анын баяны төмөнкүдөй:
1. Туура Орусия Сирияга Американын макулдугу же анын бир кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн кирген. Бул боюнча 2015. 10. 11 суроо-жоопто да айтып өткөнбүз. (Бул жердеги шайкешсиздик Америка өзүн Сирия козголоңчулары менен бирге кылып көргөзүп жатат. Ошондуктан, аларга каршы ачык түрдө согуш алып баруусу оор. Козголоңчулар Сирия бийлигине бир топ зыян жеткирип коюшту. Американын Башардын ордун баса турган орун басары али даяр боло элек. Ошондуктан, козголоңчулар менен ачык согуш оюнун Орусия алып баруусу Америка үчүн маанилүү. Орусиянын Сириядагы ролу Сирия бийлигин ачыктан ачык колдоо жана козголоңчуларга каршы согуш алып баруу болуп эсептелет. Орусиянын козголоңчуларга каршы согуш алып баруусу Америка үчүн актана турган жүйө жаратат. Сирия бийлиги Американын буйругу менен Орусиядан жардам суроого даяр. Бул иш жүзөгө ашты. Орусия Америка кызыкчылыгы үчүн өзүнө берилген бул ыплас согуш оюнун ойноп берүүгө макул болду).
2015. 11. 18. суроо-жоопто Сириядагы акыркы кырдаал аталышындагы темада бул маселеге дагы кененирээк токтолгонбуз (А. 2015-жылдын 30-сентябрында Орусия Сирияга аскерий аралашууну баштады. Мындан мурда 29-сентябрда Обама менен Путин 90 мүнөткө созулган жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун биринчи алкагы Украина кризиси болду. Жолугушуунун калган бөлүгүндө эки мамлекет башчысы Сириядагы абалга терең токтолушту. Бул жолугушуунун жыйынтыгы тез арада эле билинди. 30-сентябрда Путиндин Орусия аба күчтөрүн Сирияга киргизүүгө болгон талабын Орусиянын мамдумасы канаатандырды. (“Россия сегодня” 2015. 09. 30)
Б. Ал тургай Орусиянын аба күчтөрү сокку уруп жаткан жерлердин көпчүлүгү Америка менен келишилген жерлер болду. “CNN” кабар агенттигинин 2015. 10. 04. маалыматында: “Орусия куралдуу күчтөрүнүн ген штабынын жетекчиси Андрей Картапулов 2015. 10. 03 мындай деди: Орусиянын аба күчтөрү бутага алып жаткан аймактар ,Москвага Америка аскерий жетекчилиги тарабынан мурдатан даярдалып берилген террористтик аймактар …”)
Мына ушундайча Америка Сирияда Америка чечими кабыл алына турган ыңгайлуу шарт жаратып бериши үчүн Орусияны Сирияга киризди. Америка Орусияны Сирияда иш тизгинин колуна алышы үчүн киргизген жок. Балким өзүнүн кызыкчылыгына кызмат кылдырыш үчүн киргизди. Бирок, Орусиянын саясий сокурдугу Сирияда Сирия бийлигин кулап калуудан сакташ үчүн жапайы кыргын кылууга түрттү. Кийин болсо Сирияда саясий чечимге жетүүнү жетектейм деп ойлоого түрттү. Ал Американын ага бут тосуп жатканын да сезген жок. Тескерисинче ал дагы деле Американын кызыкчылыгына кызмат кылууда. Орусия Сирияда жапайы кыргын кылуу аркылуу Американын Сирия бийлигин кулап калуудан сактоо талабын да аткарып берди.
2. Орусия мына ушул күмөндүү оюнунун негизинде Астана жана Сочиге Сириянын куралдуу жамааттарынын өкүлдөрүн чакырып долбоорлорду сунуштады. Орусия бул аракети аркылуу Америка менен биргеликте бир рол ойноп калуу максатында бул жолугушууларга катышуусу үчүн Американы да чакырды. Песков мындай деди: “Акыркы учурларда Сирия кризисин жөнгө салуу жаатында алга жылуулар бар. Бирок, бул сапаттык жаңы баскычка жетишүү биргелешкен аракетти талап кылат. Мунун баары Орусия менен АКШ ортосунда белгилүү бир деңгээлде биргелешип иш алып барууну талап кылат” (“Orient ньюс” 2017. 11. 04) Орусия 2017-жылдын 10-ноябрында Вьетнамдагы “APEC” самитинде Путин менен Трамптын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуусуна үмүттөндү. Эки өлкө башчылары жолугушуусун бир нече жолу ачык түрдө өткөрүүнү да талап кылды. Орусия менен АКШ Сирия жаатындагы алакаларында бир мунасага келип алуу муктаждыгы бар экендигине ишара кылган билдирүү менен да чыгышты. Орусия самит өтүп жаткан учурда эки өлкө башчысынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болушуна чакырык таштоосун улантты. Бирок, Америка бул чакырыкка жооп бербеди. Болгону жолугушуу деңгээлинде болбосо да, жолугушуу болгондой түр жаратуу менен эки өлкө башчынын эки тараптуу баяндама чыгаруусуна макул болду. Баяндама болсо эки тараптын эксперттери тарабынан даярдалган. Бул нерсе Америка Орусияны төмөн санашына карата чакырык болду.
3. Орусия ошол эле маалда Америкасыз Сирия жаатында саясий чечимге жетүүгө кудуретсиз экендигин түшүнүп турат. Ошондуктан, жооп алып калуу үмүтүндө чакырык артынан чакырыкты Америкага жолдоп жатат. Бирок, жооптун ордуна жогоруда айтып өткөнүбүздөй Американын теңине албаган мамилесине тушукту.
Анткени Орусия Сирия маселесин жөнгө салуу чечимин ишке ашырууга ашыгып жатат. Орусия президенти Путин 2017-жылдын 20-ноябрында жолугушуу өткөрүү максатында Сочиге Башарды чакырды. Кийин 21-ноябрда Башар менен болгон жолугушуунун талкуусу тууралуу Трампка телефон аркылуу кабар берди. “Путин экинчи күнү Америка мамбашы Трамп менен телефон аркылуу байланышты. Анда Сирия маселеси жана Башар менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу сөз болду…” (“Россия сегодня” 2017. 11. 21)
Мына ушундайча Орусия Сирияда жөнгө салуу чечимин ишке ашырууга өтө ашыгып жатат. Ал адатынча Сирия маселесин чечүүдө Америка менен жанма-жан жүрүп өзүн улуу күч катары санап жатат. Ошондуктан, ал саясий чечимди пайдалануу менен өзүн көрсөтүп, абалдан чыгып кетүүгө өтө дилгирленип жатканын көрүп жатабыз. Саясий чечим айрыкча Сирияда аскерий соккуларды ишке ашыруу аркылуу экономикасынын каны сорулуп жаткан Орусиянын жоготуусуна чек коёт… Ушул көрүнүштөрдүн баары Орусияны Сирия маселесин жөнгө салуу чечимин ишке ашырууга жетекчилик кылып жаткандай түр жараткан демилгелерди колго алууга түрттү. Башарды өзүнө чакырды. Кийин Эрдоган менен Роуханини чакырды. Кийин Сирия кризисинен чыгуу максатында “Сирия калкынын бардык спектри” аталышындагы жолугушууга чакырууну пландады. Ал саясий чечимге тезирээк жетүү үчүн Американын аны менен кызматташышын кайра-кайра суранды. Орусия куралдуу күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү ниетин да билдирди. “Орусиянын куралдуу күчтөр ген штабынын башчысы Валерий Гирасимов Орусиянын Сириядагы куралдуу күчтөрүн “ири көлөмдө” азайтуу мүмкүн экендигин айтты. Бул иш ушул жылдын аягына чейин башталарын да айтып өттү… (“Евро Ньюс” 2017. 11. 23) Бирок, ушуларга карабастан Америка Орусиянын талаптарына жооп берүүнү кечеңдетти.
4. Мына ушул Американын Сирия жаатында Орусия менен жүргүзүп жаткан оюну. Башкача айтканда Америка аны менен Сирия жаатында мунасага келүү үчүн Орусиянын талаптарына этибар бербей аны Сирия сазына жалгыз таштап койду. Бираз гана малайлары аркылуу анын талаптарына жооп беримиш болду. Ушул себептерден улам Орусия Сирияда саясий чечимге жетүүнү жетектөөгө болгон аракети ийгиликсиз болуусу анык. Анткени, ал Сирияда АКШнын баткагына тыгылып калган. Американын Сирия жаатында Орусияга унчукпай коюшу аны шыктандырып жиберди. Айрыкча, Орусиянын Сирия козголоңчуларына жана исламий күчтөргө каршы колдонулуп жаткан бирден бир күч катары саналып жатышы Орусияны шыктандырды. Орусия Москвада, Сочиде, Астанада жолугушууларды өткөрүп жаткандыгына карабастан Сирия маселесин жөнгө салуу чечимин жетектөөгө чамасы жетпейт. Анткени, Орусиянын Сирия маселесин чечүүгө болгон демилгелеринин баардыгы Америка менен шериктеш иштөөгө барып такалат. Качан Сирия маселесин жөнгө салуу элементтери бышып жетилгенде Америка өзү БУУ же аймактагы малай мамлекеттери аркылуу Сирияга чечимди таңулоо үчүн иш тизгинин колуна алат.
5. Мыну ушундайча Сириядагы Америка жана Орусия аракеттери ийгиликсиздик менен аякташы Аллахтын жардамы менен тагдырланган. Эгер куралдуу жамааттар айрыкча аймактагы Америкага малай мамлекеттер Түркия, Саудия менен болгон байланыштарын үзө турган болушса, Сирия режимине каршы калыс, акыйкаттык жана Аллахтын жибин бекем кармоо менен күрөш алып барышса, мына ошол учурда Аллахтын жардамы менен Сирия, Америка жана Орусиянын үмүттөрү үзүлүп, Исламий күчтөр каапырлардын таш талканын чыгаруучуга айланат. Мына ошол учурда гана Сирия Америка менен Орусия кызыкчылык талашып күрөшө турган аймак эмес, артын карабай качкан аймакка айланат. Бул иш Аллахка жеңил.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта 2017.12.09