Нетаняху: Ислам Кызматташтык Уюмунун эч кандай таасири жок

180
0

Нетаняху: Ислам Кызматташтык Уюмунун эч кандай таасири жок

Стамбулда 57 Исламий өлкөнүн өкүлдөрү катышуусунда Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммити болуп өттү. Саммитте АКШ президенти Дональд Трамптын жарлыгына тескери көрүнүштө “Куддус Палестина мамлекетинин борбору” деп жарыя кылынды. Өкүлдөрдүн билдиришинче, Дональд Трамптын Куддусту (Израил)дин борбору катары тааныган жарлыгы укуктук, тарыхий жана ахлакий жактан мыйзамсыз.

(Израил)дин премьер-министри Бенямин Нетаняху аталган саммитке мамиле билдирип, мусулман мамлекеттер өкүлдөрүнүн бул жарыясы Куддуска эч кандай таасирин тийгизбестигин айтты. Өзүнүн Куддуста жайгашкан офисинен туруп билдирүү берген Нетаняху Куддус (Израил)дин борбору болуп калышына ишара кылып, “палестиналыктардын акыйкатты кабыл алуусу жана радикалдашууну токтотуп, тынчтык жолун тандоосу өздөрү үчүн жакшылык болот” деди.

Трамптын жарлыгынан руху көтөрүлүп калган яхудийлер мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон Масжидул Аксага кирип, оюна келген иштерди кылышууда. Кабарларда келишинче, бүгүн таңга маал Масжидул Аксага бастырып кирген баскынчы яхудийлер ырдап, бийлешкен.

Бул көрүнүшкө каршылык кылган мусулмандар, жаш бала, аял же карылар болушуна карабастан, аёосуз таякталып, камакка алынууда. Трамп Куддусту (Израил)дин борбору деп жарыя кылгандан бери (Израил)дин чабуулунан үч адам шейит болуп, 82 адам жарадар болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here