Ислам Кызматташтык Уюму Чыгыш Куддусту Палестинанын борбору деп тааныды

380
0

Ислам Кызматташтык Уюму Чыгыш Куддусту Палестинанын борбору деп тааныды

Ислам Кызматташтык Уюму борбору Чыгыш Куддус болгон Палестина мамлекетин тааный тургандыгын жарыя кылып, дүйнөлүк коомчулукту Чыгыш Куддусту Палестина мамлекетинин оккупация кылынган борбору деп таанууга чакырды.

Бул тууралуу Ислам Кызматташтык Уюмунун Стамбулдагы кезексиз саммитинде кабыл алынган “Стамбул” декларациясында жазылган.

“Ислам Кызматташтык Уюму АКШ президенти Дональд Трамптын Куддус боюнча чыгарган жарлыгын катуу каралайт”, – деп айтылат декларацияда. “Стамбул” декларациясы төмөнкү пункттардан турат:

  1. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер АКШ президенти Дональд Трамптын Куддус боюнча чыгарган жарлыгын катуу каралайт
  2. Куддустун (Израиль) тарабынан басып алынышы жана бул басып алуунун алкагындагы кадамдар тан алынбагандай эле, бул жарлык да Ислам Кызматташтык Уюмуүчүн укуктук, тарыхий жана ахлакий тараптан мыйзамсыз бойдон калат. БУУ, Европа Союзу жана дүйнөлүк коомчулукту БУУнун бардык токтомдоруна, ошону менен бир катарда, Куддустун статусу жөнүндөгү токтомдоруна моюн сунууга чакырабыз.
  3. Ислам Кызматташтык Уюму борбору Куддус болгон 1967-жылы белгиленген чек арадагы көз карандысыз жана суверенитеттүү Палестина мамлекетин таануудан баш тартпайт жана мунун региондогу тынчтык жана туруктуулуктун негизги шарты деп эсептейт.
  4. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер Палестина жана Куддус үчүн бардык эл аралык платформаларда, ошону менен бирге, БУУда күрөш алып барууда кызматташат жана өз аракеттерин ылайыкташтырат.
  5. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер Палестина мамлекети жана анын түзүмдөрүн ар тараптуу бекемдөө үчүн күчтөрүн бириктирет.
  6. Бардык мамлекеттерди 1988-жылы жарыя кылынган, палестиналыктардын каалоосун чагылдыруучу Палестина мамлекетин таанууга чакырабыз Бул нерсе, жүз берип окуялар фонунда региондо туруктуулукка жетишүү үчүн зарыл маселеге айланды. Борбору Чыгыш Куддус болгон Палестина мамлекетин тааныйбыз о.э. дүйнөлүк коомчулукту да “Чыгыш Куддус – Палестина мамлекетинин оккупация кылынган борбору” деп таанууга чакырабыз.
  7. Түзүлгөн шарттарда палестиналыктар ортосунда, жакын арада өз ара сый-урмат, ишеним жана өзүн курмандыкка чалуу негизинде келишим түзүлүшү керек. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер бул жараянга жардам берүүнү улантат.
  8. Трамп админстрациясын эл аралык укукка дал келбей турган, региондо башаламандыкты пайда кылуучу жарлыгын кайрадан карап чыгууга, керек болсо, бул кадамдан баш тартууга чакырабыз.
  9. Ислам Кызматташтык Уюму палестиналык боордошторду, ошону менен бирге, Палестина мамлекетинин башчысы Махмуд Аббасты – борбору Чыгыш Куддус болгон суверендүү жана көз карандысыз Палестина мамлекети үчүн күрөштө – колдоп-кубаттайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here