Жалал-Абадда Хизб ут-Тахрирге жалаа жабылды

308
0

Жалал-Абадда Хизб утТахрирге жалаа жабылды

12-декабрь күнү “k.news” маалымат агенттиги о.э. бир катар расмий сайттар жана телеканалдар Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда Хизб ут-Тахрирдин бир нече мүчөсү кармалганы тууралуу кабарларды таратышты. Алардын кабарында келишинче, кармалгандардын үйүнөн жардыруучу заттарды жасай турган буюмдар табылган.

https://l.facebook.com/l.php?u=http%3A%2F%2Fwww.ktrk.kg%2Fpost%2F17992%2Fkg&h=ATPVNYgmZv0_6t9s_bi5rEiNHYHrpVsXNp8tYdmxAGRIZwH4L2dmk6RtdV_ihUDs7jHiWAZmF1ZtvdP3GhXBmnnPHXzLkrIpdKzBXjsvILIucejxQ08PeWFSdmOorLrZ0vKFoPZCspCzyBSAltPD3WiSm1Wj

Хизб ут-Тахрир – Исламий, саясий хизб (партия) болуп, Исламды мабдаъ (түзүм, система) катары турмушка кайтарууну максат кылып белгиледи. Ал Аллахтын

وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنْكَرِ وَأُوْلَئِكَ هُمْ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар”.(3:104).

аяты негизинде түзүлдү. Хизб өзү үчүн Исламий (мабдаий), саясий аракет алып барууну фарз деп табанний кылды. О.э. Расулуллах с.а.в.дын исламий коомду пайда кылуудагы аракеттерин мусулмандар үчүн сүннөт деп билип, “ар кандай хизб өзү үчүн ушул сүннөттү тарыйкат деп табанний кылуусу важиб” деп эсептейт.

Хизб мүчөлөрү туурасындагы жогорудагы билдирүү – ИИМ, УКМК жана расмий маалымат каражаттары уюштуруп жаткан кезектеги жалаа! Алар бул аркылуу Хизб жетекчилигинде коомго кирип келе жаткан Исламий идеологиялык мухитке каршы күрөшүн улантышууда. Куфр дүйнөсү канчалык аракет кылбасын, баары бир Хизбди маддий (куралдуу) аракетке бура албады. Хизб ут-Тахрир адабияттарынын биринен да маддий (куралдуу) аракетке чакыруучу бир да пикир таба алышпады! Себеби, Хизб өз тарыйкатын Пайгамбарыбыз с.а.в.дын Меккедеги турмушунан алды. Ошондуктан, ал мамлекет аткарышы керек болгон маддий иштерди ар кандай хизб моюнга алуусу жаиз эмес деп эсептейт! Бул Хизб ут-Тахрирдин исламий тарыйкаты экендигин жана Хизб бул позициясынан кыяматка чейин баш тартпастыгын, бүт дүйнөдөгү саясатчылар жана эл аралык саясат өтө жакшы билет!

Кыргызстан бийлиги куфр өлкөлөрүнүн т.а. донорлордун алдында жылдык отчёт берүү максатында, коомдун арасында дээрлик ачык даъват кылып жаткан Хизб мүчөлөрүнө карата кезектеги чабуулун уюштурууда. “Исламий куралдуу кооп-коркунуч” бар экендигине далил таба албай, куфр донорлордун алдында жогорудагы жалаа жабуу операциясын ойлоп табышты.

Хизб ут-Тахрир пикирий вужуд болгондугу (белгилүү бир табанний пикирлер негизинде түзүлгөндүгү) себептүү, ага мүчө болгон ар кандай адам ушул пикирлерди канааттануу менен кабыл алып, аларга бекем амал кылуу менен Хизбдин сабында экендигин далилдейт. Эгерде, хизбий адам Хизб табанний кылган пикирлерге тескери аракеттерге аралашса, ал Хизб сабында эмес деп этибар кылынат.

Бул кудум эле, орган кызматкерлери ичинен жүздөгөн адам өлтүргүчтөр чыгып, мамлекеттик кызматкерлер наркотрафик жолун көзөмөлдөп, бийлик өкүлдөрү чек арада миллиарддаган долларды өздөштүрүп жана мыйзам чыгаруучу депутаттардын өздөрү мыйзам бузуп жатса да, мамлекеттин атына зыян жетпегени жана өз конституциясын ыйык деп, ага каршы чыккан адамды кылмышкер деп билишкени сыяктуу. Т.а. алардын өздөрү “Мамлекет, дин же бирер топ табанний кылган мыйзамдарга тескери көрүнүштө адамдар тарабынан ишке ашырылган кылмыштар үчүн жамаат же мамлекет жоопкер эмес о.э. алар мамлекет жана жамааттын аброюна шек келтирбейт” деп эсептешет.

Кыргызстан бийлиги мурунку эки президентин экстремисттик жол менен кууп жибергендигин расмий түрдө моюнга алды. Ошого карабастан, качып кеткен президенттин үстүнөн “өмүр бою камак жазасына” өкүм чыгарышты. Бул мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстан бийлиги мамлекеттүүлүктөн баш тартышы керек эле! Бир өзү Кыргызстан конституциясын жазып, даярдаган, “конституциянын атасы” деп таанылган, эки президентти кууп чыгууда негизги орунду ээлеген жана Кыргызстан саясий элитасындагы жетекчи саясатчылардан болгон Өмүрбек Текебаевди паракордукта айыптап, камакка алышты. Негизи, Текебаев азыркы бийликти калыптандырган негизги фигура эле! Ошондон кийин да Кыргызстан бийлиги өз ордунда турат, ал тургай ошол мурдагы эле жетекчи кадрлар кызматка келип жатат. Жогорудагы кылмыштарда Кыргызстан бийлиги өзүн айыптуу сезип да койгон жок!

Жогорудагы, Хизб ут-Тахрирге карата уюштурмакчы болуп жаткан кезектеги жалаасына көңүл буруңуз! Бул нерсе “Жыртык тешикке күлөт, жыгылган оогонго күлөт” деген макалды эске түшүрөт. Куфр терминдеринен болгон “экстремист” деген тамга өздөрүнүн бетине басылып турганына карабастан, Хизб жана дагы бир катар исламий жамааттардын үстүнөн “экстремист жана террорист” деген өкүмдөрдү чыгарышууда.

Россия Хизб ут-Тахрирди “террорист”тер тизмесине киргизгендиги үчүн, Кыргыз бийлиги да ага кошомат кылып, жогорудагы сценарийди ойлоп тапты. Кыргызстан бийлиги бир топ жылдардан бери Хизбди “террорист” деп жарыя кылуу максатында бир нече аракеттерди уюштурду. Бирок, эл аралык коомчулук Хизб тарабынан бир жолу да маддий аракеттер күзөтүлбөгөндүгүн айтып тургандыктан, орустар баш болгон Кыргызстандагы орган кызматкерлеринин бул ыпылас максаттары ишке ашпай келет.

Эй Кыргызстан мусулмандары, эртерээк көзүбүздү ачпасак, кийин кеч болуп калат! Жогорудагы куфрдун Хизбге каршы аракеттери, негизи Ислам жана мусулмандарга каршы каратылган! Хизб азырынча мусулмандарга калкан болуп, куфрга каршы исламий мабдаий күрөш алып баруу менен куфр соккуларына туруп берүүдө! Бирок, Ислам Хизбге эле тийиштүү эмес! Куфрга каршы чыныгы кубат, Ислам үммөтүнүн колунда! Качан гана үммөт Ислам мабдасы астында биригип, ар бир мусулманды өзүнүн боордошу деп билип, аны кафирге тапшырып койбой, куфрду “Токто!” деген учурда гана Аллахтын нусраты келет! Антпесе, Хизбге каршы күрөштүн артынан “Таблиг, Ихван, Чубак ажы, Өзбек ажы……” жана башкалар кете берет. Ошону менен бир катарда Исламий баалуулуктар тебелене берет! Кошуна Өзбекстандагы режимдин репрессиясында ушундай көрүнүшкө күбө болгонбуз!

Азырынча, бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону, куфрга ишенбестик көрсөтүп, аларга “Ислам жана мусулмандарга жалаа жабууну токтоткула” деп айтуунун өзү жетиштүү! Бирок, кечигип калсак, куфр биздин “Токто!” деп айтуу мүмкүнчүлүгүбүздү да тартып алат, себеби, ал тынымсыз ушуга аракет кылууда. Куфр системасы бул сабатсыз бийликти үммөткө атайылап катуу кол саясат жүргүзүүгө үндөө менен, өлкөбүздө башаламандык пайда кылмакчы болууда! Т.а. агрессивдүү жана жалаа жабуу негизиндеги аракеттери о.э. зулумдары менен Исламий мухитти куралдуу кайрыисламий мухитке буруп жибермекчи болууда. Орган кызматкерлери азырынча өздөрү сезбеген абалда куфрдун жалганына ишенип, коомго бузукулук кирип келишине кеңири жол ачып берип коюшу мүмкүн! Сергек бололу, бийлик өтө алсыз. Ал куфр күчтөрүнүн таасири астында калды. Учурда бийлик эл аралык саясаттын ар кандай ыпылас шарттарына ыраазы болууга мажбур абалда турат!

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмүнүн жетекчиси.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here