АКШ мамлекет катчысы отставкага кетиши мүмкүн

202
0

АКШ мамлекет катчысы отставкага кетиши мүмкүн

 Ак үйдө Рекс Тиллерсонду мамлекет катчылыгынан бошотушу жана бул орунга Борбордук Чалгындоо Башкармасынын (ЦРУ) директору Майк Помпеону коюу планы үстүндө иш алып барылууда. Бул туурасында The New York Times газетасы АКШ президентинин аппаратындагы жогорку чиндеги өкүлгө таянып маалымдады.

 Кийинчерээк ушул сыяктуу кабарды Associated Press жана Reuters агенттиктери о.э. башка маалымат каражаттары да басып чыгарды. Ак үй келечектеги кадр өзгөрүүлөрү туурасындагы кабарларды жокко чыгарууда.

 The New York Times өз булагына таянып маалымдашынча, Тиллерсондун отставкасы жакынкы жумаларга пландаштырылган. Кадрлар өзгөргөндөн кийин ЦРУ директорлугун Дональд Трамптын жакын кеңешчиси сенатор-республикачы Том Коттон ээлейт. Газетада Ак үйдүн бул планы Трамп тараптан колдоп-кубатталгандыгы туурасында аныктык киргизбеди.

 Октябрь айынын башында NBC телеканалы Тиллерсон Трамп менен келишпей калгандыгынан улам отставкага кетиши мүмкүндүгү туурасында маалымдаган. Өз булактарына таянган телеканал мамлекет департаментнин башчысы жай айларында эле өз ордун тапшырмакчы болгондугун, бирок вице-президент Майк Пенстин үндөөсү менен жумуш ордунда калганын билдирди. Тиллерсон бул кабарды жокко чыгарды жана дагы деле “президентке кызмат кылаарын” айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here