Тереза Мэй: Террорго (Исламга) каршы биргеликте күрөшүп жатабыз

267
0

Тереза Мэй: Террорго (Исламга) каршы биргеликте күрөшүп жатабыз

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Лондондогу премьер-министрдин резиденциясында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн маалымат караждаттарына ачык болгон бөлүгүндө билдирүү берген Бинали Йылдырым, жыл башындагы Тереза Мэйдин Түркияга сапары эки өлкө ортосунда жаңы кызматташтыкка, айрыкча, аскер өнөржайы жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачкандыгын билдирди.

“Жолугушууда эки тараптуу алакаларды карап чыгабыз о.э. Ирак жана Сирия ортосундагы аймактык проблемалар, ошону менен бирге терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселесин да талкуулашабыз. Ушул сапар алаканы бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет”, – деди Йылдырым.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй болсо: “Түркия менен мамилелерибиз биз үчүн өтө маанилүү. Эки тарап тең ар түрдүү глобалдык маселелерге дуушар болуп жатабыз.Түркия менен террорго (Исламга) каршы биргеликте күрөшүп жатабыз. О.э. ортобузда 15 миллиард фунт стерлинга барабар болгон соода алакабыз бар. Түркияга сапарымдан бери мамилелердеги өзгөрүүлөрдү көрүп жатканыма кубанычтамын”, – деди.

Тереза Мэй менен Йылдырымдын жолугушуусунан кийин, эки тараптын делегациялары ортосунда да жолугушуу болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here