Жээнбеков Кыргызстандын негизги союздашы кайсы мамлекет экендигин билдирди

404
0

Жээнбеков Кыргызстандын негизги союздашы кайсы мамлекет экендигин билдирди

 Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигине берген интервьюсунда өлкөнүн негизги союздаштары тууралуу сөз кылды.

Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстан эл аралык иштерге жана БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдар менен аймактык түзүмдөрдүн алкагында интеграциялык процесстерге активдүү катышуусун улантат. Орусия менен салттуу достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык багытыбыз бекемделет. Кытай Эл Республикасы менен мамилебиз ынак кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк деми менен тереңдетилет. Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз кылымдарды карыткан бир туугандыкка, боордоштукка, достукка, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана руханий дөөлөттөрүбүздүн үндөштүгүнө таянат”, – деген.

Туркистон:

Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков бир нече күчтөр ортосунда өтө кыйын абалда турат. Роза Отунбаева “Азаттык”радиосуна берген интервьюсунда, “мен анын ордунда болууну каалабайм” деди. Чындыгында, анын абалы өтө начар. Жээнбеков, Атамбаев, бийликти ээлеп турган жетекчи топ, тууган-уруктары жана Кыргызстанда дагы эле күч-кубатка ээ болуп турган саясий элита өкүлдөрүнүн, ага таасир өткөрүү максатында кылып жаткан күчтүү аракет жана атаандаштыктары ортосунда калды. Жээнбеков ушул күчтөрдүн бирин тандашы керек. Анын бул тандоосу, калган күчтөр менен анын мамилесине зыян жетишин түшүндүрөт. Тышкы саясатта болсо, мамлекеттин да, Жээнбековдун да абалы жакшы эмес.

Отунбаева “Жээнбеков саясий популист эмес” деди. Жээнбековдун жогорудагы сөздөрү саясий популисттик билдирүү болуп, жасалма жана жалган маалымат тарата баштаган дебьюттук чыгууларынын бири болду. Ал да – мурдагы президенттер сыяктуу эле – бийликтин алсыздыгынан келип чыга турган проблемаларды Ислам жана мусулмандарга жабыштыра баштады.   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here