Астана келишиминин жасалма экендиги ашкере болууда

275
0

Астана келишиминин жасалма экендиги ашкере болууда

Астана сүйлөшүүлөрүндө Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери тарабынан Сириянын белгилүү бир аймактары “Коопсуз аймак” деп жарыя кылынган эле. Келишимге ылайык, аталган үч мамлекет т.а. Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери “Коопсуз аймак”тын кепилдигин мойнуна алышкан.

22-июлда “Коопсуз аймак”та тынчтык келишими күчүнө киргендиги жарыя кылынган эле. Ошого карабастан, Асад режими дагы деле чабуулдарын улантып жатат. Ал эми “Коопсуз аймак”ка кепил болгон Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери сүкүт сактап турушат.

“Коопсуз аймак”тын курамына кирүүчү Чыгыш Гутада Асад режими кечээ күнү уюштурган авиа соккулардан 12 жай тургун каза болду. Алардын арасында аялдар менен жаш балдар да бар.

Жарандык коргонуу топтору жарыя кылган отчётто келишинче, 14-17-ноябрь күндөрү Асад күчтөрүнүн чабуулунан 45 жай тургун каза болгон. Алардын 13ү жаш балдар болгон. Чабуулдар уланышы себептүү каза болгондор жана жарадар болгондордун саны көбөйүп бара жатышы тынчсызданууга себеп болууда.

Сирияда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан журналист Билал Абдулкарим Хизб ут-Тахрир – Голландия тарабынан Амстердамда өткөрүлгөн “Идлибди колдоп-кубаттоо” форумуна түз байланыш аркылуу катышып, Астанада түзүлгөн “Коопсуз аймак” келишиминин акыйкатын ачып таштады. Билал Абдулкаримдин билдиришинче, Халаб (Алеппо)  шаарында жүз берген аянычтуу абал бүгүнкү күндө Идлиб жана анын айланасында жүз берүүдө. “Коопсуз аймак” деп жарыя кылынган жерлердеги ооруканалар, мектептер жана мечиттер, ал жерге коопсуз аймактарды түзүү шылтоосунда кирген түрк армиясынын көз алдында бомбаланып, кыйрандыга айланууда. Бирок, жалпыга маалымдоо каражаттары “түрк армиясы ал жерге Коопсуз аймактарды түзүү максатында кирди” деген жалган маалыматтарды таратууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here