(Израиль) муътадил (мээлүүн) Араб мамлекеттери менен кызматташууга даяр

419
0

(Израиль) муътадил (мээлүүн) Араб мамлекеттери менен кызматташууга даяр

(Израиль) башкы штабынын башчысы Гади Айзенкот муътадил болууга бел байлаган Саудия жана башка муътадил Араб өлкөлөрү менен Иранга каршы кызматташууну сунуштады. Айзенкоттун билдиришинче, (Израиль) бардык муътадил Араб мамлекеттери менен тажрыйба жана разведка маалыматтарын алмашууга даяр.

“Биз Иранга каршы Саудия жана башка муътадил Араб мамлекеттери менен тажрыйба алмашууга жана разведка маалыматтарын бөлүшүүгө даярбыз”, – деди Саудиянын “Элаф” гезитине интервью берген Айзенкот.

Саудия менен (Израиль) ортосунда бир нече кызыкчылыктар бар экендигин билдирген Айзенкот: “АКШ президенти Дональд Трамп башчылыгында региондо жаңы эл аралык союздарды түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Иран коркунучун жоюу үчүн өтө чоң жана кеңири масштабдуу стратегиялык планды ишке ашырышыбыз керек”, – деди.

Саудиянын дагы башка гезитине интервью берген (Израиль) башкы штабынын башчысы Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасири (Израиль) жана Саудияны тынчсыздандырып  жаткандыгын билдирди.

 “Ирандын планы Жакынкы Чыгышты көзөмөлгө алуу. Мунун алдын алышыбыз керек”, – деди Айзенкот.

Туркистон:

“Муътадил ислам” – бул куфрдун термини болуп, ал куфр системасы мусулмандарды бири-бирине каршы согуштуруу үчүн ойлоп тапкан нерсе. Муну жогорудагы яхудийдин билдирүүсү жана төмөндөгү Расулуллах с.а.в.дын хадиси о.э. нусустарда келген жүздөгөн аят-хадистер далилдеп турат!

380/6. Баро ибн Аъзибден р.а. риваят кылынат. Расулуллах  с.а.в.  ансорлор тууралуу: «Аларды момундар гана жакшы көрүшөт. Жана мунафыктар гана жаман көрүшөт. Ким аларды жакшы көрсө, Аллах аларды жакшы көрөт. Ким аларды жаман көрсө, Аллах да аларды жаман көрөт», деген. Имам Бухарий жана имам Муслим риваяттары.

383/9. Абу Курайма Микдад ибн Маъдикарибадан р.а. риваят кылынат. Расулуллах  с.а.в. : «Эгерде адам боордошун жакшы көрсө, ошону жакшы көрүшүн билдирип койсун», – деген. Абу Давуд жана Термизий риваяттары.

377/3. Абу Хурайра р.а.дан риваят кылынат, Расулуллах  с.а.в. : «Албетте, Аллах Таала Кыямат күнү «Азаматым үчүн дос болгондор кана? Бүгүн Мен көлөкө жок күндө аларга Өз көлөкөм менен баанек берем» дейт», деген. Имам Муслим риваяты.

 “Муътадил ислам” долбоорун ондогон жылдар мурда Батыш колонизаторлору ойлоп табышкан. Саудия жана башка бир нече исламий өлкөлөрдөгү орто жана жогорку окуу жайлардагы билим берүү программасына Шиъа агымына каршы кек-душмандык ойготуучу программалар киргизилген. О.э. бул долбоор аркылуу тымызын куфр менен кызматташууга жана аны менен коргонууга үндөөчү муътадил т.а. кайдыгер мусулмандарды пайда кыла турган программасын  мусулмандардын жашоосуна колдонуп келе жатат! Жогорудагы яхудийдин достук мамилеси, исламий өлкөлөр жана мусулмандар кандай төмөндүктө экендигин о.э. аталган долбоордун канчалык жийиркеничтүү экендигин көрсөтүп турат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here