Россия Борбор Азиялык 150 адамдын активин тоңдурду

256
0

Россия Борбор Азиялык 150 адамдын активин тоңдурду

 “Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Борбор Азия мамлекеттеринде терроризмге тиешеси 150 адамдын каражаттары тоңдурулду. Бул тууралуу, Россия финансы мониторингинин башчысы Юрий Чиханчин билдирди.

 “Айта кетүүчү нерсе, биз терроризм менен күрөшүү маселелеринде эл аралык майданда, биринчи кезекте Борбор Азия мамлекеттери менен жакшы алаканы жолго койдук. Биз маалымат алмашып жатабыз. Бизде болгон маалыматтарга ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүндө 150 адамдын активи тоңдурулган”, – деди Чиханчин.

Анын айтышынча, Россия финансы мониторинги Борбор Азия мамлекеттеринде жашап жаткан, бирок Россияда болгон 100дөй адамдын  активдерин тоңдуруп койгон.

 О.э. “Биз Россия Федералдык коопсуздук кызматы жана коммерциялык банктар менен кызматташтыкта террорчулардын каржылык аракети моделин түзүүгө жетиштик. Бул аркылуу 200дөй адамды аныктадык жана аларга карата кылмыш иши козголду. Банктар бул белгилер боюнча аныктоону өздөштүрүп алышты. Бул эң негизги натыйжа”, – деди.

КМШнын Антитеррор борбору тарабынан өткөрүлгөн атайын операциялардын натыйжасында 2017-жылы терроризмди каржылоого тиешеси бар 73 адам аныкталган. Бул тууралуу, аталган борбордун директору, полициянын генерал-полковниги Андрей Новиков билдирди.

Андрей Новиков: “КМШ өлкөлөрүнүн каржылык кызматтары менен биргеликте өткөрүлгөн “Барьер” операциясынын натыйжасында, 2017-жылы терроризмди каржылоого тиешеси болгон 73 адам аныкталды” , – деди.

Новиковдун айтымында, үзгүлтүксүз өткөрүлүп жаткан “Трал-Антитеррор” операциясынын натыйжасында, 2017-жылы терроризм айыбы менен издөөдө болгон, бирок, башка кылмыш иштери боюнча жазасын өтөп жаткан 17 адам аныкталган.

Мындан тышкары, 2016-2017-жылдарда аталган борбор тарабынан КМШ өлкөлөрүндө издөөдө болгон чет өлкөлүк 500 согушкердин жашаган жерлери аныкталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here