АКШ Афганистанда жаңы операция баштады

189
0

АКШ Афганистанда жаңы операция баштады

АКШ Борбордук разведка башкармалыгы (ЦРУ) Афганистанда жаңы жараян үчүн биринчи кадам койгондугун т.а. Талибандын мүчөлөрүн бутага алган жаңы операция баштагандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу, АКШдагы маалымат каражаттары кабар таратышты.

Кабарда келишинче, президент Дональд Трамп 16 жылдык согушту бүтүрүү үчүн ЦРУга “толук ыйгарым укук” берген. ЦРУга караштуу бөлүк мамлекетте кеңири масштабдуу операцияларды өткөрөт.

ЦРУнун башчысы Майк Помпео өткөн аптада берген билдирүүсүндө, АКШ Талибанды расмий Кабул менен сүйлөшүү столуна тартуу үчүн алгач аларды согуш майданында алсыратуу керектигин билдирген эле. Майк Помпеонун стратегиясы Дональд Трамптын 21-августта жарыя кылган негизги саясатынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

“Президент (Трамп) мунун анык көрсөтүп өттү. Талибанды Афганистанда сүйлөшүүлөр столуна алып келүү үчүн колубуздан келген бардык ишти кылабыз”, – деди Помпео.

Нью-Йорк-Таймс гезити тараткан кабарда келишинче, ЦРУ Афганистанга тажрыйбалуу жооптуулар менен жалданма аскерлерди жөнөтөт. Америкалык маалымат каражаттарынын билдиришинче, аталган топ афган расмийлери менен кызматташтыкта иш жүргүзүшөт. ЦРУнун тобу Американын ал жердеги кошуундарына кошулбайт.

Өткөн жай мезгилинде АКШнын Афганистан боюнча жаңы стратегиясы жана Трамп Афганистанга кошумча аскер жөнөтүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган эле.

Ал эми, 16-августта Хизб ут-Тахрирден келген жоопто, Америка согушту күчөтүү максатында Афганистанга кошумча күчтөрдү жөнөтүшү ыктымалдан алыс экендиги, жөнөтсө да, аскерий максатта эмес, Талибанды афган бийлиги менен сүйлөшүү столуна тартуу үчүн жөнөтүшү мүмкүн экендиги айтылган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here