14 жылга азаттык: Сот Назира Асаналиеванын жаза мөөнөтүн кечиктирди

372
0

14 жылга азаттык: Сот Назира Асаналиеванын жаза мөөнөтүн кечиктирди

 9-октябр күнү Ысык-Көл областтык соту тыюу салынган адабияттарды сактаганы үчүн Туп райондук соту тарабынан 3 жылга эркинен ажыратылган, 11 баланын энеси, кош бойлуу Назира Асаналиеванын ишин карады.

 Сот отурумунда Назира Асаналиеванын үйүнөн 10го жакын диний адабияттар табылганы жана анын бири тыюу салынган китеп экендиги айтылды. Жыйынтыгында, областтык сот Түп райондук сотунун Асаналиеваны 3 жылга эркинен ажыратуу жазасын күчүндө калтырып, бирок ага өзгөртүү киргизди. Назира Асаналиеванын эмчектеги баласы бар экендиги эске алынып, ал 14 жашка чыкканча жазаны өтөө мөөнөтү жылдырылып, сот залынан бошотулду.

 Судья өкүмдү угузуп:  “Түп райондук сотунун 2017-жыл, 26-сентябрдагы чечими өзгөртүлсүн. Асаналиева Назира КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин биринчи бөлүмү боюнча чектелген жазасы 2016-жыл, 17-сентябрда төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканга чейин токтотулсун. Назира Асаналиева сот залынан бошотулсун”, – деди.

Туркистон: 

Кыргызстан мыйзамдуу түрдө баатыр эне болгон Назира Асаналиеванын 1 жаштагы баласы бар экендиги, ал баласы эмчекте экендиги о.э. бул аялдын 3 айлык боюнда бар экендиги адистер тарабынан расмий түрдө тастыкталганына карабастан, 26-сентябрдан ушул күнгө чейин т.а. 14 күн абакта жатты! 11 баласы 14 күн бою кайгы тартышты! Бүт дүйнө мусулмандары тынчтыгын жоготуп, мазлуманын кайгысына тилектештигин билдирип, өздөрүнүн намысы тебеленип жатканын сезип, залимдерге нааразылык билдиришти. Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин атынан дүйнөлүк нааразылык акциясы жүргүзүлдү. Анда кайдыгер болбогон он миңдеген мулумандар катышып, бул залимдердин зулумуна каршы күрөшүштү. Мусулмандар эле эмес, Кыргызстан бийлигинин бул жана ушул сыяктуу алсыз аялдарга каршы өткөрүп жаткан зулумдары, аларды диний ишеними же дагы башка арзыбаган айыптары үчүн камакка алып жазалоосу, ал тургай кайрыдиндерди да кайдыгер калтырбады. Себеби, аялдар проблемасы, аларга болуп жаткан зулумдар адамдык баалуулуктардын тебелениши болуп, бирер адам бул ишти актай албайт.

Бирок, Кыргызстанда аялдарга өткөрүлүп жаткан зулумдарга, дүйнөлүк маалымат каражаттары жана адам укугун коргоочу уюмдар кайдыгер карап турушат. Ал тургай,өздөрүн  исламий элита өкүлдөрүбүз деп эсептеген сарай аалымдары да, аялдардын тагдырына кайдыгер карап жатышат.  Алардын бул кайдыгерликтери – бул иштерде, эл аралык саясий система залимдерге демөөрчүлүк кылып жаткандыгын түшүндүрөт! Себеби, жогорудагы сарай аалымдары да, мамлекеттик эмес уюмдар да, Кыргызстан бийлиги да эл аралык саясатка көз каранды. Демек, алар куфр системасы башчылыгында бийлик тарабынан ишке ашырылып жаткан зулумдарга каршы күрөшө алышпайт!

Учурда залимдин абагында ондогон муслималар, жасалма диний айыптар менен жазасын өтөп жатышат! Алардын ар биринин беш-алтыдан балдары бар! Айрымдарынын эмчектеги балдары тышкарыда калды! Дээрлик бардыгынын жашы жете элек балдары бар! Ушул мазлумалардын айрымдарынын атын атап өтөбүз.

Рыскулова Бурулай энебиз, 1957-жылы төрөлгөн, 3 жылга эркинен ажыратылган.

Абдувалиева Надира, 1986-жылы төрөлгөн. 1.5 жаштагы баласы бар эле. 1 жылга эркинен ажыратылды.

Жабайкулова Гулзада. 1980-жылы төрөлгөн 5 баласы бар. 1 жылга эркинен ажыратылды.

Урусова Сырга Рахманалиевна, 5 баланын энеси 1-жылга эркинен ажыратылган.

Осмоналиева Асылбү Канатбековна. 1980-жылы төрөлгөн. Бойго жете элек 5 баланын энеси. 2 жылга эркинен ажыратылган.

Итибаева Бурулай, 6 баласы бар, жалгыз бой аял. 1 жылга эркинен ажыратылды….

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here