Атамбаев: АКШнын Өзбекстанга аскерий техника жеткирип берүү чечиминен шок абалына түшкөнүн

311
0

Атамбаев: АКШнын Өзбекстанга аскерий техника жеткирип берүү чечиминен шок абалына түшкөнүн

 “Обама мага аябай жагат эле, бирок АКШ бийлиги жана анын мамлекеттик департаментинин аракеттеринен шок болгонмун”, – деди Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко болгон сапарынын алкагында “Time” журналына берген интервьюсунда.

 “2014-жылы Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов: “Региондо согуш чыгышы мүмкүн”, – деген эле. Ошондон төрт ай өткөндөн кийин АКШ Өзбекстанга 328 бронетехника сунуштады. АКШ Кыргызстанга инвестиция салбаган о.э. жардам да берген эмес. Өзбекстан болсо ар биринин баасы жарым миллион доллар болгон 328 даана бронетехника алды”, – деген Атамбаев.

 Атамбаев: “Ошондон кийин бизге АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри расмий сапар менен келгенде, мен демократия тууралуу ушундай билдирүүлөрдү берип, эмне үчүн мындай кылышкандыгын сурадым. Мен алты жыл президент болдум. Ушул учурда АКШ бийлиги ар дайым ушундай мамиледе болду”, – деди.

 “Кыргызстанга өнүккөн демократиялык мамлекет куруудагы каржылык жардам мусулмандар дүйнөсү үчүн жакшы үлгү болмок о.э. бир топ арзанга түшөт эле”, – деген Алмазбек Атамбаев.

 О.э.: “АКШга дүйнөдөгү демократия керек эмес. Мен ушуну түшүнгөндө, аябай өкүндүм. Обамадан көңүлүм калды. АКШнын азыркы президенти болсо жалаң гана АКШнын проблемасы менен алектенерин айтууда”, – деди.

Туркистон:  

Ооба, АКШ жана Европа Союзу Кыргызстанга көп деле көңүл бурбай коюшту. Натыйжада, Россия да Кыргызстанга мурункудай олуттуу көңүл бурбай койду. Себеби, Кыргызстанды колония кылуу үчүн Россия менен атаандаша турган күчтөр жоголуп барууда.

БУУнун акыркы саммитинде Кыргызстанга жана анын президентине жакшы мамиле кылышпады о.э. кызыгуу менен карашпады. Атамбаев болсо, каржылык жардам берүүчү бирер булак табуудан үмүттөнгөн эле. Кыргызстан колония өлкө болгондуктан, колонизатор мамлекеттер ага ар дайым өз кызыкчылыгы чекитинен туруп карашат. Бул кызыкчылыктар алардын ортосунда талаш болуп, алар үчүн канчалык маанилүү жана зарыл болгон учурда, мамлекетти бири-биринен тартып алуу үчүн аракеттер күчөйт. Кыргызстан сыяктуу жакыр мамлекеттер болсо, ушул атаандаштыкта бир аз болсо да  өзүн таразага салып, эки тараптын биринен, кээде экөөсүнөн тең садака сыяктуу бирер материалдык жардам алып калышы мүмкүн. Атамбаев АКШнын Кыргызстанга кайдыгер болуп калгандыгына капа болууда.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here