Лавров: Сирия оппозициясына кеңеш берди

268
0

Лавров: Сирия оппозициясына кеңеш берди

РФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия оппозициялык топторун Женева жолугушуусунда биригүүгө чакырды жана аларга жолугушуу учурунда мурдагы шарттарды койбостукту сунуштады. Лавровдун айтымында, оппозиция өкүлдөрү мурунку сүйлөшүүлөрдө койгон ар кандай шарттарды коюусу сүйлөшүүнүн натыйжалуу өтүшүнө тоскоолдук кылат.

Сергей Лавровдун Сирия оппозициясына берген кеңеши, Россия күчтөрү Сириядагы кыргынды күчөтүшүнүн артынан жүз берүүдө. Кабарларда келишинче, өткөн сентябрь айында Россия жана Асад күчтөрү Идлиб шаарына 767 жолу чабуул кылган. Мунун натыйжасында тынч калктан 247 адам өлгөн.

Россиянын тышкы иштер министри казакстандык кесиптеши Кайрат Абдрахманов менен биргеликте Астанада берген маалымат жыйынында, Сирия оппозициясын бириктирүү максатында Саудия ойной турган ролго да токтолуп өттү. Лавровдун билдиришинче, учурда Сирия режими менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү баштаган жана “терроризм”ге каршы согушуу үчүн даяр турган куралдуу топтордун сүйлөшүүгө катышуусун камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов да Астанада болуп өтө турган Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасында талкуулана турган маанилүү маселелерди жарыя кылды. Абдрахмановдун билдиришинче, сүйлөшүүлөр жараянында кепил мамлекеттер т.а. Россия, Түркия жана Иран өлкөлөрү Сириянын 4 аймагында кырдаалды жумшартуу боюнча кеңири иш алып барууну пландаштырууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here