“Ал террорчу эмес, себеби ал америкалык”

212
0
AppleMark

Ал террорчу эмес, себеби ал америкалык”

Кечээ күнү АКШнын Невада штатына караштуу Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан фестивалдагы куралдуу кол салуу АКШ тарыхында эң көп өлүмгө себеп болгон куралдуу чабуул катары катталды. Кол салууда 59 адам өлүп, 527 адам жарадар болду.

Полиция кол салган адам Невада штатынын тургуну 64 жаштагы Стивен Паддок деген ак түстүү америкалык экендигин тастыктады. Лас-Вегас полициясынын башчысы Жозеф Ломбардо маалымат жыйынында, полиция кылмышкерди окуя болгон жерде атып өлтүргөндүгүн билдирди.

Көңүл бура турган жери, АКШ бул кол салууну – АКШ тарыхында эң көп адамдын өлүмүнө себеп болсо да – “террордук акт эмес” деп жарыя кылды. АКШ Борбордук разведка агенттиги берген билдирүүдө бул иштин террорго тиешеси жоктугу кабарланды. АКШ Федералдык тергөө бюросу берген билдирүүдө да кылмышкердин эч кандай террордук уюм менен байланышы жоктугу кабарланды. Вашингтон ички коопсуздук бөлүмү аталган окуяда кылмышкердин террорчулар менен кызматташтыгына тиешелүү далил табылбагандыгын билдирди.

Туркистон:

Кабарларда келишинче, Паддоктун үйүндө өткөрүлгөн тинтүүдө анын үйүндө курал-жарак кампасы бар экендиги аныкталган. Ошондой болсо да АКШ назарында ал террорчу эмес жана ал ишке ашырган кол салуунун да эч кандай террорго тиешеси жок, себеби, муну АКШ жараны ишке ашырды, анын үстүнө ал ак түстүү адам.

“Терроризм” куфр термини болуп, алар терроризм  сөзүнө “Тынч калктын өмүрүнө коркунуч туудуруу же аларды коркууда кармап туруу” деген аныктама беришет. Бирок, бул куфрдун термини болгондуктан, алар бул терминди өздөрү үчүн эмес, дүйнөдө куфрга каршы жападан-жалгыз илахий система болгон Ислам динине каршы пайдалануу үчүн ойлоп табышкан.

Демек, алардын “террорчу” деген термини карапайым калкка коркунуч туудурган, аларды массалык түрдө өлтүргөн же калкты коркууда кармап турган адамга, мамлекетке же куралдуу уюмдарга каратылышы керек эле. Бирок, бул сыяктуу терминдерди алар жалаң гана исламий жамааттар, жеке адамдар жана өз өлкөсүн баскынчылардан коргоого мажбур болгон мужахиддерге чектеп алышты!

Мусулмандардын жетекчи катмары да куфрдун саясий чөйрөлөрүнөн таасирленип, “Ислам дини кемчиликтүү, адамдарды агрессияга үндөөчү дин экен” деген тыянак чыгарып алышты. “Террорчулар исламий чөйрөдөн гана келип чыгууда” деп, өзүнүн диндеш боордошторуна карыш күрөшүп жатышат. Аларга жогорудагы кафир коомдон өрнөк алууну сунуштайбыз! Карап көргүлө, өзүнүн диндеши болгон кылмышкер ондогон адамды кырып жибергенде да, аны “террорчу” деп атоону каалабай жатышат!

Мусулмандар бул куфр терминдерин четке кагып, пайдалануудан баш тартышыбыз керек. Бул куфр терминдерин өз боордошторубузга жабыштырууда куфрдун кызыкчылыгы бар экендигин түшүнүп, ал терминдерден пайдалануу арам деп, алардан баш тартышыбыз важиб!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here