Түркия кошуундары Идлибге жөнөтүлө баштады

325
0

Түркия кошуундары Идлибге жөнөтүлө баштады

Түркия куралдуу күчтөрүнө караштуу аскерий техникалар Сирияга жөнөтүлө баштады. Бул тууралуу Түркиянын маалымат  каражаттары кабарлады. Кабарларда келишинче, бир автобус жогорку даражалуу аскерлер, медициналык каражаттар жана ок-дарылар жүктөлгөн транспорт каражаттары о.э. аскерий техникалар Хатай провинциясынын Рейханлы району аркылуу Сирияга алып өтүлгөн.

Россиянын “РТ” маалымат агенттиги Интерфакс маалымат агенттигине таянып кабар бергендей, Түркия Астанада түзүлгөн келишим боюнча кошуундарын Идлибге жөнөтө баштаган.

 “Идлибде азыркыга чейин эч кандай орус аскерлери жок, бирок, Түркия бийлиги аймакка аскерлерин жөнөтө баштады”, – деп айтылат эл аралык маалымат агенттиктери тараткан кабарда.

О.э. маалымат агенттиктери Иран аскерлери да Идлибге жөнөтүлүшү, орус аскерлери болсо Хомс, Чыгыш Гута жана түштүк Сирияга жайгаштырылышы тууралуу кабар таратты.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен РФ президенти Владимир Путиндин Анкарадагы жолугушуусунан кийин Түркия кошуундарын Идлибге киргизе баштады. Жолугушууда эки жетекчи Сирия жана Курдистан маселеси боюнча талкуулашкандыгы айтылган эле.

Аталган жолугушуудан кийин Россиянын аскерий учактары Түркия чегарасында жайгашкан Сириянын Харим шаарына чабуул кылды. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Россия учактары Харим шаарын бомбалоо үчүн Түркиянын аба мейкиндигин кесип өтүшү керек болот.

Иран Сирияга карата баскынчылык саясатын улантып жаткан бир учурда, Түркия кошуундарынын оппозициялык күчтөр менен кагышуусу Сирия кризиси башталгандан бери жүргүзүлгөн эң жаман тышкы саясаттын уландысы катары бааланууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here