Россия Астана жолугушуусуна катышкан оппозициялык топторго чабуул кылды
14-15-сентябрь күндөрү болуп өткөн Астана жолугушуусунда Сириянын Идлиб шаары Түркия, Россия жана Иран өлкөлөрүнүн кепилдиги астында “коопсуз аймак” деп жарыя кылынган ээе. Ошондой болсо да, Россия Астанадагы чечимдерге моюн сунбастан, акыркы аптада Идлиб шаарындагы мектептер, ооруканалар жана карапайым калктын үй-жайларына тынымсыз чабуул кылды. Каза болгондор жана урандылар астында калгандардын бардыгы жаш балдар, аялдар жана тынч тургундар болуп, алардын саны азырынча аныктала элек.
Идлиб калкы урандылар астында калып өлүп жаткан учурда, массалык маалымат каражаттары ар дайымкыдай эле сүкүт сактап турушат. Ал тургай, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган РФ президенти Владимир Путинди Анкарада расмий түрдө күтүп алып, коноктоп жаткан учурда да Идлибде мусулмандарды кыргын кылуу уланып жаткан эле. Айрыкча, Астана жолугушуусуна катышкан оппозициялык топтордун орустардын авиа соккусуна дуушар болушу көңүл бурууга арзыйт.
Сирия ынкылабына чек коюу максатында ишке ашырылып жаткан Женева жана Астана сүйлөшүүлөрүн колдоп-кубаттабастык жана тааныбастык туурасында бир нече эскертүүлөргө карабастан, жолугушууга оппозициядан өкүл катары катышкан Файлакуш-Шам тобунун Мардик шаарындагы аскерий штабы Россия учактарынын авиа соккуларына дуушар болду. Чабуулдарда топтун жок эле дегенде 40 согушкери курман болду.
Анын артынан Астана сүйлөшүүсүнүн тарапкерлеринен болгон Сукуруш уш-Шам тобу чабуулга дуушар болду. Топтун жетекчиси Россия чабуулунун акыркы ирмемдеринде гана жанын куткарып калууга жетишти.
Астана жолугушуусунда кабыл алынган токтомдордон кийин жолугушууга катышкан топтордун бутага алынышы, кепил болгон мамлекеттердин чыныгы жүзүн ачып койду. О.э. Эрдоган “урматтуу досум” деп кадырлап жаткан Путиндин сапары учурунда да “коопсуз аймак” деп жарыя кылынган Идлибдин калкына каратылган чабуулдар мусулмандардын чыныгы жетекчиге (Халифага) өтө муктаж экендигин жана азыркы жетекчилердин кандай чыккынчы экендигин көрсөтүүдө.
Бир эле тешиктен бир нече жолу чактыруу Ислам Үммөтүн алдан тайдырды.