АКШ Түндүк Кореяга “күчүн” көрсөттү
Пентагондун расмий өкүлү Дана Уайт: “Американын B-1B Lancer бомбалоочу учактары F-15 истребителдеринин коштоосунда Түндүк Корея жээктерин бойлоп учуп өттү”, – деп кабарлады.
Ал: “Бул Түндүк Корея ойлонбой кылып жаткан иш-аракеттерин биз канчалык олуттуу кабыл алып жатканыбыздын белгиси. Ушул манёвр АКШ сокку берүүгө даяр экендигин жана президент ар кандай коркунучту жексен кылуу үчүн көптөгөн варианттарга ээ экендигин көрсөтөт”, – деди.
Пентагондун кабарына таянсак, АКШнын бомбалоочу учагы Окинавадагы аскерий базадан, истребителдер F-15тер болсо Гуам аралынан учуп чыккан жана эки Кореяны бөлүп туруучу аймактан бир топ ичкери кирген.
Буга жооп иретинде, Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо Кореяга чабуул кылган учурда АКШ жана анын союздаштарына каршы “ырайымсыз чаралар” көрүлө тургандыгын кабарлады.