Доктор Анита Шуг: Араканда 3 күндө 2 миңден ашуун мусулман өлтүрүлдү

334
0

Доктор Анита Шуг: Араканда 3 күндө 2 миңден ашуун мусулман өлтүрүлдү

Акыркы 3 күндүн ичинде Араканда 2миңден 3 миңге чейин мусулман өлтүрүлүп, 100 миңден ашуун мусулман сүргүн кылынды. Бул тууралуу Европадагы Рохинджа кеңешинин маалымат катчысы доктор Анита Шуг билдирди. Швейцарияда дарыгер болуп иштеген Шугдун билдиришинче, аталган кыргынды Бирма мамлекеттик армиясы ишке ашырган.

Доктор Шуг Анадолу маалымат агенттигине берген интервьюсунда “Араканда акыркы күндөрдө Бирма аскерлери мусулмандарга каршы ишке ашырган кыргындар 2012-жылы жана өткөн жылдын октябрь айында ишке ашырылган кыргындардан бир нече эсеге көптүк кылат. Кырдаал эч качан мынчалык жаман болбогон эле”, – деди.

О.э. кечээ Аракандын бир гана Саугпар айылында 900дөн 1000ге чейин мусулман жырткычтык менен өлүтүрүлгөндүгүн жана бул кыргындан айылда бир гана бала аман калгандыгын айтып: “Дагы Анаукпин жана Няунгпини айылдарын да жергиликтүү будпараст калк блокада кылып койгон. Ал айылдардын тургундары Бирма бийлигине кат жолдоп, айыпсыз экендигин жана эч кандай кылмыш кылбагандыктарын билдиришти. Алар бийликтен блокаданы жокко чыгарууну жана айылдан тез арада эвакуация кылууну суранышты. А бирок, Бирма бийлигинен жооп келбеди. Аталган айылдардагы адамдардын өмүрү да коркунучта”, – деди.

Шуг БУУ сыяктуу уюмдарды Аракан кыргынына чек коюу үчүн аракет кылууга чакырды.

Эске сала кетсек, Бирма 1948-жылдын 19-апрелинен бери Анита Шуг айтып жаткан БУУнун мүчөсү. Бирок ошондой болсо да, БУУ уюму  Бирма өкмөтү 6 жылдан бери улантып жаткан кыргындарды токтотуу үчүн, жок эле дегенде, бир кадам болсо да таштап койбоду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here