АКШ адистери: Афганистанда өз  кабырыбызды өзүбүз казып жатабыз

303
0

АКШ адистери: Афганистанда өз  кабырыбызды өзүбүз казып жатабыз

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын Афганистан боюнча жаңы стратегиясын жарыя кылып, Афганистанга көбүрөөк аскер жөнөтүүгө жана “жеңишке жетишүү үчүн согушууга” убада берди. Президент Трамптын Афганистан боюнча жаңы стратегиясы АКШ тарыхында эң көпкө созулган Афганистан согушун белгисиздик агымына тартуу катары бааланууда.

Трамп бир аскерий базада сүйлөгөн сөзүндө: “Ыкчам чегинүүнүн натыйжалары бир тараптан пайдалуу болсо, башка бир тараптан аны кабыл алууга болбойт. Шашылыш чегинүү боштук пайда кылат. Натыйжада ал боштукту ИШИМ жана Ал-Каида террорчулары толтурат”, “Биз дагы бир калк пайда кылып жаткан жокпуз, террористтерди өлтүрүп жатабыз”, – деди.

Президент Трамп шайлоо кампаниясында АКШ күчтөрүн Афганистандан акырындап алып чыгып кетүүнү убада кылган эле.

Трамптын жаңы чечимин америкалык аскерий кеңешчилер  терс баалашууда. Ню-Йорк Таймс жана CNN маалымат агенттиктерине интервью берген улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт Метью Росенберг Трамптын жаңы стратегиясына нааразылык билдирип: “Биз жеңиш үчүн күрөшөбүз дегени эмнени түшүндүрөт? Америкалык 100 миң аскерТалибанды жок кыла албады го”, – деди.

Депутат Вальтер Жонс да Трамптын жаңы стратегиясына баа берип: “Тарых көрсөткөндөй, Афганистан империялардын кабыры болгон. Америка да 16 жылдан бери ал жерде өз кабырын өзү казууда”, – деди.

Талибан кыймылы Дональд Трамптын “жаңы стратегиясы” тууралуу расмий билдирүү чыгарып: “Афганистанды Америка баскынынан куткаруу биздин диний жана улуттук милдетибиз. Жаныбыз денеде турганда, бул милдетти ишенимдүү аткара беребиз. Америка согушту улантуунун ордуна, Афганистандан кошуундарын алып чыгып кетүү жөнүндө ойлонсо өзүнө жакшы болмок. Эгерде, Америка кошуундарын алып чыгып кетпесе, Афганистан Америка империясынын кабыры болуп калат”, – деди.

Туркистон:

16 жылдан бери уланып жаткан жана миңдеген АКШ аскерлеринин өлүмүнө, он миңдеген аскерлердин майып болушуна себеп болгон Афганистандагы согуш АКШ тарыхындагы эң узак убакытка созулган согуш болуп эсептелет. Чындыгында, Ирактан алдан тайып чыккан АКШны бир тараптан Араб жазы, айрыкча Сирия маселеси алсыратып койгон болсо, экинчи тараптан Кытайдын экономикалык өнүгүүсү ага “баш оору” болууда. Мына ушулар себептүү АКШ үчүн Афганистан бир аз маанисиз болуп калган эле.

Бирок, Америка бүгүнкү күнгө келип Афганистан стратегиясын олуттуу көрүнүштө кайрадан карап чыгууга мажбур болууда. Себеби, Афганистанда 16 жыл согушкан Америка жана НАТО кошуундары – дүйнөдөгү эң жогорку технологияларга ээ болушуна карабастан – ийгиликсиздикке дуушар болушту. О.э. Талибан менен өткөрмөкчү болгон тынчтык сүйлөшүүлөрү да пайда бербеди. Ошондуктан, 16 жылдан кийинки Афганистандагы кырдаал АКШ үчүн өтө кооптуу деп айтууга болот. Ал тургай, Америка аскерлерине каршы уюштурулуп жаткан көптөгөн чабуулдарды АКШ өзү тарбиялаган Афганистан армиясы сабындагы аскерлер ишке ашырууда.

“Carnegie Foundation” фонду даярдаган отчётто келишинче, АКШ Афганистан согушуна жыл сайын 23 миллиард доллар жумшап жатат. Бул болсо, АКШ админстрациясы Афганистан согушу үчүн ар бир саатта 2.5 миллион доллардан ашуун каражат жумшап жаткандыгын түшүндүрөт. О.э. отчётто АКШнын финансылык чыгымдан башка варианттары жоктугу да келтирилген.

Көрүнүп тургандай, Америка Афганистанда терең кризис жана чарасыздыкты баштан өткөрүүдө. Ошол себептен улам, ал  Афганистан согушун басаңдатууга мажбур. Ал үчүн АКШ командачылары Афганистанга кошумча аскер жөнөтүүнү талап кылышууда. АКШнын бул аракети проблеманы чечпесе да, бирок, анын мындан башка чарасы калбады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here