Мэттис: АКШ Крымды Россияныкы деп тааныбайт
“Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, шаршемби күнү эгемендүүлүк майрамына карата уюштурулган парадга катышуу үчүн Украинага барган Жеймс Мэттис Крымдын Россияга кошулгандыгын АКШ эч качан тааныбай тургандыгын айтты.
Мэттис бейшемби күнү Киевде Украина президенти Петр Порошенко менен жолугушуусу учурунда: “Биз Россия Федерациясы Крымды аннексия кылышын эч качан тааныбайбыз жана кабыл албайбыз”,- деди.
О.э. АКШ Украинага мындан кийин да жардам бере тургандыгын кошумчалады.
Пентагондун башчысы: “Президент мырза, биз мындан кийин да мамлекетиңизди жана Украина калкын коргоодо сизге жардам берүүгө убада беребиз”,- деди.