АКШ Румынияга артиллериялык-ракета системасын жеткирип берет

289
0

АКШ Румынияга артиллериялык-ракета системасын жеткирип берет

Румыния АКШдан жалпы баасы 1,25 млрд доллар болгон High Mobility Artillery Rocket Systems (HIMARS) артиллериялык-ракета системасын алат. Бул тууралуу Пентагондун курамына кирүүчү башкармалык билдирген.

АКШ коргоо министрлиги билдиргендей, аталган келишим “АКШнын тышкы саясатын жана улуттук коопсуздугун бекемдөөгө” жана НАТО боюнча союздаштын коопсуздугун күчөтүүгө каратылган. Андан тышкары, Вашингтондун билдиришинче, ракеталык системаны жеткирип берүү Румыниянын коргонуусун бекемдөө боюнча муктаждыктарына жана НАТО максаттарына туура келет. Бирок, АКШ конгресси аталган келишимди үйрөнүп чыгышы жана ага уруксат бериши үчүн 30 күн убакыт бар.

АКШнын билдиришинче, Румыния HIMARS системасынын эсебине өзүнүн куралдуу күчтөрүн модернизация кылмакчы жана “аймактык коркунучтарды” кармап турууну күчөтүүнү көздөп жатат.

Келишимге ылайык, эгерде келишим ишке ашырылса, жаңы системаны орнотуу жана кызаткерлерди аны менен иштөөгө үйрөтүү үчүн америкалык 10 адис Румынияга бир жылга барат.

АКШ июлда Румынияга баасы 3,9 млрд доллар болгон Patriot зениттик-ракета комплекстерин жеткирип бере тургандыгын билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here