Россия Кыргызстанга эки Ан-26 учагын берет

309
0

Россия Кыргызстанга эки Ан-26 учагын берет

 “РИА Новости” агенттигинин кабарына таянсак, Россия коргоо министрлиги Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө эки Ан-26 аскерий учагын берет.

 Белгилүү болгондой, Россия президенти Владимир Путиндин 2012-жылдагы сапарынын алкагында Россия Кыргызстан армиясына жалпы баасы 1 миллиард доллардык техникалык жардам бериши туурасындагы келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күнгө чейин Россия Кыргызстанга бронетехника, артиллериялык системаларды жана ок дарыларды жеткирип берген.

 Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан: “10-августта Ан-26 учактарын тапшыруу аземи о.э. авиация техникалык-эксплуатация бөлүмүнүн ачылышы болот. Кант шаарында жайгашкан Россиянын авиабазасынын аймагында ачылган жаңы бөлүмдө Кыргызстанга тийиштүү болгон авиатехника жабдылат”, – деп билдиришти.

Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, авиациялык техника о.э. ремонт кылуу үчүн зарыл болгон жабдыктарды тапшыруу аземи, РФ коргоо министринин орунбасары Александр Фомин башчылыгындагы делегация менен Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жетекчилигинин катышуусунда болуп өтөт.

Кант шаарындагы Россиянын авиабазасы 2003-жылы ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү кошуундарынын авиациялык бөлүгү катары түзүлгөн. Анын негизги милдети, кургактыктагы операцияларды абадан колдоп туруу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here