Терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмеси түзүлөт

223
0

Терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмеси түзүлөт

КМШ өлкөлөрү террордук ишмердүүлүккө байланышы болгон адамдар тууралуу маалыматтарды алмашат жана бирдиктүү маалыматтык база түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Кененбаев билдирди.

25-26-июль күндөрү КМШ уюмунун Минсктеги аткаруу комитетинде, КМШга мүчө өлкөлөрдүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын куралдарын таратууну каржылоого каршы күрөшүү боюнча келишимдин эксперттик талкуусу болот.

 “Биз КМШ аймагында террорчулук кылмышына каршы күрөшүү жаатындагы иш-аракеттерибизди бириктире алышыбыз үчүн мамлекеттер террорчулар тизмесин  таанышы мүмкүн экендигин эсепке алдык т.а.бирдиктүү тизме болот”, – деди Кененбаев.

Анын айтымында, эгерде эксперттер кеңеши келишим долбоорун макулдаса, анда бул келишимге КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын ноябрдагы жыйынында кол коюлат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here