Афганистан жана Пакистандын президенттери Душанбеде жолугушат
6-июль күнү Тажикстандын борбору Душанбе шаарында CASA-1000 долбооруна кирген мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу болот.
Душанбедеги жолугушууга катышуу үчүн Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Афганистан президенти Мухаммад Ашраф Гани о.э. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков барат.
Пакистан башчысынын сапары расмий макамда болуп, ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
CASA-1000 долбоору 2016-жылдын 12-майында Тажикстандын Турсунзода шаарында, ага катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусунда ишке киришкен эле. Аталган долбоор 2020-жылга чейин толук ишке ашырыла турган болгон.
Белгилүү болгондой, CASA-1000 долбоору Тажикстан жана Кыргызстандан Пакистан менен Афганистанга электр энергиясын жеткирип берүү болжолдонгон долбоор. Аталган долбоорго 1,17 млрд доллар жумшала турган болгон.