Астанада Сирия маселеси боюнча сүйлөшүү башталды

294
0

Астанада Сирия маселеси боюнча сүйлөшүү башталды

Алты жылдан бери уланып келе жаткан Сирия проблемасына чечим табуу максатындагы Астана сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасы башталды. Казакстандын борбору Астана шаарында уюштурулган сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасында Сирияда дагы да көбүрөөк коопсуз аймак түзүү пландары каралат.

Россияга караштуу маалымат каражаттары, Астана жыйынына Россия, Иран жана Түркиянын расмийлери катыша тургандыгын билдиришти. Эки күндүк жолугушуунун алкагында жалпы жыйындан мурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болору да пландаштырылган.

Казакстан тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ануар Жайнаков Башар Асаддын жана оппозициянын өкүлдөрү Астанага жетип келишкендигин тастыктады.

Туркистон:

Америка Сирия козголоңун бастыруу үчүн колунан келген бардык ишти кылууда. Ал Женевадан эч кандай натыйжага жетише албаган соң, Түркияны ишке салды. Эрдоган АКШнын талабы менен Сириядагы өзүнө караштуу (т.а. Түркиядан материалдык жардам алып келген) оппозициялык жамааттарды Астана келишимдерине ыраазы болууга мажбурлады. Натыйжада төрт аймакта «коопсуз аймактарды» түзүү келишимине кол коюлду. Бул план Асад режимин коргоо үчүн ишке ашырылгандыгы жашыруун сыр эмес. Себеби, аталган келишимге кол койгон топтор менен буга каршы болгон топтор ортосунда согуштар жүз бериши табигый эле. Ошондой да болду. Асад режимине каршы күрөшүп жаткан кээ бир оппозиция өкүлдөрү жогорудагы келишим себептүү Асад режимин коргоочуларга айланышты.

А бирок, Үммөт арасындагы калыс мусулмандар бул айла-амалды ашкере кылуу жолунда тынымсыз аракет кылышты. Асад режимин кулатууга бел байлаган бардык тараптарды Үммөт душмандары менен алака орнотуудан о.э. алардын арамза ниеттеги жардам жана арам акчаларды алуунун натыйжасынан тынымсыз эскертип турушту. Ошентип, алардын калыс Аллах үчүн кылган аракеттери акыркы кездерде натыйжа бере баштагандай көрүнүүдө.

Үммөт маселесин, ошону менен бир катарда Сирия маселесин тынымсыз ачыктап, калыстык менен баа берип келе жаткан “Ар-Роя” гезити «Өлсөк өлөбүз, бирок кор болбойбуз» деген ураан астында Асад режимине каршы жүрүп жаткан согуш дилдерде кайрадан үмүт ойготкондугун кабарлады. Себеби, гезиттин билдиришинче, бул согушту кылмышкер өлкөлөр менен алакаларын биротоло үзгөн, бардык ыпылас каражаттардан жүз үйрүгөн топ улантууда. Калктын базасы ушунчалык күчтүү экендигин далилдеген топтун Ислам душмандарынан жана алардын малайларынан жүз үйрүшү жана Аллахка гана таянышы алар үчүн ийгиликтин кепилдиги болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here