Ислам мамлекети жок убакта зекет кимге берилет?

584
0

Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ато ибн Халил Абу Руштанын фейсбук баракчасынын колдонуучуларынын суроолоруна жооптору (фикхий)

Мухаммададил Жамил Гавлийдин (محمد عادل جميل الغولي) Ислам мамлекети жок убакта зекет кимге берилиши туурасындагы суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Эй шейхибиз, бир ихтилаф бар: Зекет кимге берилет? Өкмөткө берилеби? Билебиз, өкмөт аны атайын көрсөтүлгөн орундарга сарптабайт! Же факир жана мискиндерге бөлүштүрүлөбү?! Кеңири далилдери менен түшүндүрүп берсиз деген үмүттөбүз, Аллах биз себептүү сизди жакшылык менен сыйласын.

Боордошуңуз Мухаммададил Жамил

Жооп:

Сурооңузду салам менен баштоону унутупсуз. Бирок, биз сизге жакшылыкты ыраа көрүп, жогоруда сиздин ордуңузга өзүбүз саламды кошуп койдук!

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Зекет Исламда төмөнкү таризде аткарылат:

  • Алтын жана күмүштүн (акчалардын) зекетин мамлекеттеги зекет менен алектенген кишиге берүү жаиз. Мамлекет аны өз акылууларына жеткирет. О.э. зекет берүүчүнүн өзү да аны акылууларга бериши жаиз. Акылуулар ушул аят каримада айтылган сегиз тайпадан турат:

إِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَرَاءِ وَالْمَسَاكِينِ وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِمِينَ وَفِي سَبِيلِ اللَّهِ وَابْنِ السَّبِيلِ فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

«Албетте, садакалар (т.а. зекеттер) Аллах тарабынан фарз кылынган, ал жалаң гана факирлерге, мискиндерге, садака чогултуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос-үлпөт кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Аллах жолунда (т.а. жихадга же хажга бара жаткандарга) жана жол жүргөн мусафырларга берилет. Аллах билимдүү жана даанышман» [9:60]

  • Мал-жандыктын, эгиндин, мөмөлөрдүн зекети мамлекеттеги зекет менен алектенген кишиге берилет. Мамлекет аны акылууларына жеткирет. Бул түрдөгү нерселердин зекети мамлекет аркылуу эмес, зекет берүүчү аркылуу берилиши жаиз эмес.
  • Бирок, булардын баары Ислам мамлекети бар болгон убакта болот. Аллах Таала Ислам Үммөтүн жарык күндөргө жеткирип, рошид Халифалыкты тикелөө менен нусрат берсе, мына ошондо мал-жандыктын, эгиндин, мөмөлөрдүн зекетин адамдар аркылуу эмес, мамлекет аркылуу берүү важиб болот. Алтын жана күмүштүн (акчадан), сооданын зекетин мамлекет жардамында да, түздөн-түз зекет ээси аркылуу да берүү мүмкүн.
  • Бүгүн шаръий өкүмдөрдү колдонгон Халифалык мамлекети жок. Мындай убакта адамдар өз мүлктөрүнүн зекетин, мал-жандан болобу, эгин продукциялары болобу, соода мүлктөрү болобу, алтын жана күмүш малдары болобу, алардан алынган зекеттерди түздөн-түз адамдар өзүлөрү акылууларга берүүлөрү жаиз. Мында шаръий өкүмдөргө ылайык жана бул туурасында анык ишеним менен аткаруулары лазым, Аллах тавфик берсин.

«Ислам мамлекетиндеги малия» китебинде зекетти халифага берүү бабында мындай деп келген: «Зекет эмнеден болушуна карабастан, ал халифага, же халифа дайындаган валийге, же халифа дайындаган зекет жыюучуларга берилет. Аллах Таала айтат:

خُذْ مِنْ أَمْوَالِهِمْ صَدَقَةً تُطَهِّرُهُمْ وَتُزَكِّيهِم بِهَا وَصَلِّ عَلَيْهِمْ إِنَّ صَلاَتَكَ سَكَنٌ لَّهُمْ

«(Эй Мухаммад), сен алардын малдарынан бир бөлүгүн өздөрүн аруулап-тазалай турган садака катары алгын да алардын акыларына дуа кыл. Албетте, сенин дубаң алар үчүн бейпилдик болот» [9:103]

Аллах бул аятта Расулуна мал ээлеринен садака алууну буюрду. Расулуллах A жүзүм жана курманы чамалоо үчүн чамалоочуларды дайындаганы сыяктуу эле мал ээлеринен садака алуу үчүн садакага валий, аким жана садака жыюучуларды дайындаган. Адамдар Расулуллах A заманында зекетти Расулуллахка жана ал дайындаган валийге, аким жана садака жыюучуларга берген».

Алтын-күмүштүн т.а. акчанын зекетин адам өзү таратышы жана өз ордуна бериши жаиз экенине сахабалар жана табеиндерден риваяттар келген. Абу Убайда риваят кылат, Кайсан Умарга эки жүз дирхам зекет алып келип: «Эй момундар амири, бул малымдын зекети», деди. Умар ага: «Муну өзүң алып барып тарат», деди. Дагы Абу Абуйда Ибн Аббастын мындай дегенин риваят кылат: «Эгер зекетти өз орундарына берсеңер силер бул орундардагы кимдир бирөөнү муктаж деп эсептесебесеңер да зыяны жок».

Ибрахим менен Хасандын «Зекетти өз ордуна бергиле жана жашыргыла» дегени риваят кылынат. Бул алтын-күмүш т.а. акчанын зекети жөнүндө болду. Ал эми, мал-жандык, эгин жана мөмөлөргө келсек, булар албетте халифага же анын жардамчысына берилиши лазым. Мисалы, Абу Бакр G зекетти бербегендерге каршы согушту, алар өз валийлерге жана валийлер жиберген адамдарга зекетти төлөөдөн баш тартышты. Ошондо Абу Бакр мындай деди: «Аллахка ант болсун, эгер мени Расулуллах Aга берип келишкен бир эле эчкинин улагынан тыйышканда, бул туурпасында албетте аларга каршы согушмакмын».

 

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта

22-рамазан, 1438-х.

17-июнь, 2017-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here