Өзбекстан менен Россиянын куралдуу күчтөрү биргелешкен машыгуу өткөрөт
Россия жана Өзбекстан куралдуу күчтөрү, акыркы 12-жылдан бери алгачкы жолу, биргелешкен машыгуу өткөрүүгө даярданышууда.
“РИА Новости” агенттиги борбордук аскерий округдун маалымат бөлүмүнүн башчысы, полковник Ярослав Рощупкинге таянып кабар беришинче, 2017-жылдын октябрында Өзбекстандын Фориш полигонунда Россия куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскерий округу жана Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн аскерий бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгуулары болуп өтөт.
“Россия жана Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн аскерий бөлүктөрү 2017-жылдын октябрында Фориш полигонунда биргелешкен тактикалык машыгууларды өткөрүшөт. Бул машыгуу 2005-жылдан бери өтүп жаткан алгачкы машыгуу болот”,- деди Рощупкин.
Мындан бир аз мурда, Өзбекстан менен Россия коргоо министрликтеринин делегациялары Ташкентте жолугушуп, биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө келишип алышкандыгы кабарланган эле.
Кабарларда келишинче, 2017-жылдын соңуна чейин эки өлкө ортосунда аймактык коопсуздук, биргелешкен тактикалык машыгуу жана башка иш-чаралар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.