Си Цзиньпинь расмий сапар менен Москвага барды

279
0

Си Цзиньпинь расмий сапар менен Москвага барды

Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык, расмий сапар менен Москвага барды. Кытай төрагасынын атайын борту дүйшөмбү күнү Москва шаарындагы Внуково аэропортуна келип конду.

Аэропортто Си Цзиньпинди РФ тышкы иштер министринин орунбасары Игорь Моргулов, РФнын Кытайдагы элчиси Андрей Денисов жана Кытайдын РФдагы элчиси Ли Хуэйлер күтүп алышты.

Си Цзиньпиндин билдиришинче, бул сапардын алкагында Россия менен Кытай жаңыча келишимдерди түзүшөт.

 Си Цзиньпин: “Бул сапар өтө ийгиликтүү болуп, эки мамлекет ортосундагы кеңири масштабдуу кызматташтык жана стратегиялык шериктик алакалар туруктуу өнүгүшүнө түрткү берет деп ишенемин”, – деди.

Бул сапар Си Цзиньпиндин Россияга мамлекет башчы катары ишке ашырып жаткан алтынчы сапары болуп эсептелет. Ал 4-июлда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, жетекчилер о.э. коомдук ишмерлер жана эки өлкөнүн медиа өкүлдөрү менен да жолугушат.

Ошол эле күнү Кытайдын жетекчиси РФ премьер-министри Дмитрий Медведев менен да жолугушуп, аны менен соода, инвестиция, инфраструктура, өнөржай жана айыл чарба тармактарындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here