Уламалар зекетти БУУга берүү тууралуу фатва чыгарышты

258
0

Уламалар зекетти БУУга берүү тууралуу фатва чыгарышты

Исламдагы беш фарздын бири болгон зекетти Курани Карим аяттарында келген сегиз тайпадан башкасына берүүгө болбойт. Буга катьий тыюу салынган. Ошондой болушуна карабастан, Мисир, Саудия, Яман жана Мароккодогу өкмөткө көз каранды уламалар зекетти БУУга берүү мүмкүн деген фатва чыгарышты. Сарай аалымдарынын фатвасында келишинче, зекетти татыктуу орунга жеткирүү максатында кайрыдиндерге тапшырууга болот. Ушуга ылайык, БУУ бай мусулмандардан чогулган каражатты качкындарга таратканы үчүн зекетти ага берүү керек.

Аталган фатвага ылайык, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары “качкындарга таратуу” максатында бай мусулмандардан зекет топтоого киришти. Зекет чогултуу үчүн БУУ тарабынан интернетте да атайын онлайн эсеп ачылды.

БУУнун качкындар боюнча агенттиги Перс булуңундагы бай арабдардан о.э. нефть шейхтеринен өтө чоң өлчөмдөгү зекет топтоп алуудан үмүттөнүүдө. Адистердин билдиришинче, дүйнөдөгү бай мусулмандар өз мүлкүнөн жыл сайын зекетке 20 миллиарддан 30 миллиард долларга чейинки өлчөмдө каражат бөлүшөт.

Илманийлик жана демократия өкүмдар болуп турган дүйнөдө БУУнун эсеби боюнча бүгүнкү күндө 65 миллиондон ашуун качкын бар. Ислам өлкөлөрүн колония кылуу жана байлыктарын талап-тоноо үчүн түзүлгөн пландар себептүү Исламий аймактардагы качкындардын саны рекорддук деңгээлге жетти.

Усманий Халифалык мамлекети жок кылынгандан кийин элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүнүп кеткен ислам дүйнөсүндө мусулмандар тынчтык, коопсуздук жана адилеттүүлүк деген эмне экендигин унутушту. БУУнун акыркы маалыматына ылайык, ар бир 113 адамдын бири качкын же мигрант. Өткөн жылы үй-жайын таштап кеткен адамдардын саны 10 миллион 300 миңге жеткен. Бул нерсе ар бир 3 секунд сайын бир адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болот дегени.

АКШ демократия алып келген Иракта 2 миллион мусулман өлдү. 10 миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. О.э. АКШ көзөмөлүндөгү Асад режиминин кыргындары себептүү Сирияда 12 миллион адам т.а. мамлекет калкынын үчтөн эки бөлүгү үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. БУУнун отчётунда келишинче, качкындарга башбаанек берүүдө бай мамлекеттерге караганда жакыр мамлекеттер активдүүрөөк болууда.

Туркистон: 

Бул уламалар аталган фатва аркылуу Ислам жана мусулмандарга өтө чоң кыянат кылышты. Себеби, көпчүлүк бай арабдардын байлыктары АКШ жана башка Батыш мамлекеттеринде сакталат. Эми куфр бул байларга басым өткөрүп, БУУга зекетин бербегендерге жаман мамиледе болуп, шаръий жол ачып берилген акыларын талап кыла башташат. Куфрга алардын акчасы керек эмес. Ансыз деле ал акчалардын дээрлик бардыгы куфрдун сүткордук банктарында сакталууда. Куфр системасы бул акчалардын бир бөлүгү шаръий милдет катары мусулмандарга зекет катары чыгып кетип жаткандыгына тоскоолдук кылууну көздөп жатат.

Муну, “куфр өз колундагы уламалардын оозу менен шаръий кийим кийгизип чыгарган саясий фатва болуптур” десек туура болот. Т.а. бу куфр дүйнөсүнүн фатвасы болуп, эми алар Ислам шариятын өз максаттарына буруп жибермекчи болушууда. Бул куфр фатвасын аткаруудан баш тарткан мусулмандардын байлыктары ар түрдүү шылтоолор менен тоңдуруп коюлат. Мындай ишке Катар кризисинде күбө болдук.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here