Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө 

204
0

Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө 

 “Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, 28-июнь күнү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны болуп өтүүдө.

Аталганжыйынга катышуу үчүн Азербайжандын, Белорусиянын,Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Өзбекстандын ички иштер министрлери барышкан.

Жыйында ички иштер министрлери кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана ыкчам иликтөө иштеринде кызматташуу маселелерин талкуулашат. О.э. эл аралык терроризм, наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасы жана укук коргоо жаатындагы биргелешкен иш-чаралар боюнча түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланат.

Перспективдүү изилдөөлөр борборунун жетекчиси Сергей Масауловдун айтымында, экстремизмге каршы күрөшүү үчүн КМШ аймагында олуттуу чаралар көрүлүүдө, КМШнын көпчүлүк өлкөлөрүндө саясий экстремизм коркунучун токтотууга күчү жете турган саясий түзүмдөр калыптанган.

 “КМШ аймагында жаштарды саясий максатта пайдалануу мүмкүн болгон кооптуу аймактар бар. Бул жаатта өз өлкөсүнөн эмес Россиядан же башка жерден издөөгө мажбур болуп жаткан Борбор Азия жаштарынын абалы кооптуу. Жаштар саясий экстремизмден терроризм тарапка өтүп кетишүүдө. Эң кооптуу абал мына ушунда. Ушул жерде тезинен иш баштоо керек”, – деди эксперт.

КМШда мамлекеттер жана уюмдар тарабынан экстремизм менен терроризмдин алдын алууга каратылган олуттуу кадамдар коюлууда. Жарандык коомду бириктирүүгө каратылган олуттуу иштер аткарылууда. Диний түзүмдөр менен иштөөчү атайын уюмдар түзүлгөн. Ушул иштин натыйжасы көрүнө элек болсо да, бирок иш жүрүп жатат.

РФ Жаза аткаруу кызматынын (ФСИН) башчысынын орун басары Валерий Максименко КМШда экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон адамдардын бирдиктүү маалымат базасы түзүлүшүн жана жана бул нерсе аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин дагы да натыйжалуу кылышын баса белгиледи. Террорчу жана экстремисттердин маалыматтык базасын ФСИН менен КМШ Антитеррор борбору биргеликте 2017-жылы иштеп чыгат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here