Катар кризисинен кийинки жаңы кызматташтык
Катар кризиси уланып жаткан бир учурда, Саудия израил менен эки тараптуу кызматташтык, өзгөчө, экономикалык тармакта кызматташтыкты орнотуу үчүн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу “Таймс” гезити кабар таркатты. Гезиттин ырасташынча, эки мамлекет ортосунда экономикалык алакаларды орнотуу менен башталган сүйлөшүүлөр башка тармакта да улантылат.
“Таймс” гезитинин маалымдашынча, аймакта Иран коркунучуна учураганын шылтоо кылган бул эки мамлекет, соңку жылдарда эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу үстүндө сүйлөшүүлөрдү алып барган. Ушуга ылайык, Саудия израилге тиешелүү ишканалардын Булуңда иш жүргүзүүсүнө жана израил авиакомпанияларынын Саудия аба мейкиндигинен пайдалануусуна мүмкүнчүлүк жаратып берет.
Катар кризиси артынан израил коргоо министри Авигдор Либерман парламентте сүйлөгөн сөзүндө, Катар кризиси Исламга каршы күрөшүүдө израил үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк жаратышын билдирген.
“Катар жана айрым араб мамлекеттери ортосунда жүзөгө келген кризис, радикал исламга каршы араб мамлекеттери менен кызматташуу үчүн израилге өтө чон мүмкүнчүлүк жаратууда. Араб мамлекеттеринин өздөрү да аймактагы кооп-коркунуч израил эмес, балким терроризм (Ислам) экенин түшүнүштү. Бул абал кызматташтык үчүн берилген мүмкүнчүлүк”,- деди Авигдор Либерман.