Россия Кыргызстан менен Казакстан аскерийлерин Сирияга жиберүүнү сунуштады

255
0

Россия Кыргызстан менен Казакстан аскерийлерин Сирияга жиберүүнү сунуштады

            Россия Кыргызстан менен Казакстандын кошуундарын Сирияга жиберүү боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барууда. Бул тууралуу “РИА Новости” кабар агенттигине Россия мамлекеттик думасынын коргоо маселелери боюнча комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов маалымдады.

“Учурда сүйлөшүүлөр алып барылууда. Россия аскерий адамдардын Сирияда тынчтыкты камсыз кылууга жөнөтүү маселелерин карап жатат. О.э Кыргызстан менен Казакстандык кесиптештерибизге да сунуш киргизүү үстүндө иштеп жатабыз”,- деди Шаманов. Анын ырасташынча, азырынча чечим чыга элек, сүйлөшүүлөр улантылып жатат.

            Мындан мурун Түркия президентинин өкүлү Ибрахим Калин да Россия тарап Сириядагы деэскалация (аскерий кагылышуудагы абал) аймактарына Кыргызстан менен Казакстан аскерийлерин тартуу сунушун киргизгени тууралуу маалымат берген.

“Азырынча кайсы бир аймактын атын айтууга эрте. Бирок, Түркия менен да сүйлөшүүлөр алып барылууда. Алар да Астанадагы сүйлөшүүнүн катышуучулары болуп эсептелет”,- деди Шаманов.

Туркистон:

Казакстан менен Кыргызстан өз аскерлерин Сирияга алып кире турган болсо, эл аралык кооптуу тузакка түшүп калуусу анык.Куфр дүйнөсү, бул эки өлкөнүн бар же жок экени билинбеген алсыз аскер түзүмүнө муктаж эмес! Алар бул өлкөлөрдү, жасалма болсо да дүйнөлүк жетекчи мамлекеттердин Сириядагы аскерий репрессияларына шерик экенин амалда тастыктоосун каалап турушат.

            Максат, Казакстан менен Кыргызстанда мусулмандардын агрессивдүү сезимдерин күчөтүп, бул аймакта исламий согушка жеңил чөйрө жаратып алуу.

            Бул Путиндин сунушу болсо да, АКШ анын бул максатын четке какпайт. Себеби, Сирия маселесин Орто Азияга көчүрүү долбоору, түпкүлүгүндө АКШнын кызыкчылыгына туура келет. Казакстан менен Кыргызстан армиялары, а түгүл, өз чегараларын коргой турган кубатка ээ эмес. Бул эки өлкө тең экономикалык көйгөйдөн башын чыгара албай жатат. Эгер, эки президент жогорудагы долбоорго кол коё турган болсо, өз мамлекеттери үчүн үлкөн кыянат жана тарыхый катага жол берген болот.

            Россиянын Сириядагы кандуу жүрүштөрүнө шерик кылып коё турган бул аскерий келишим, эки өлкөнү дайыма кооп-коркунуч астында жашай турган абалга салып коёт. Бул болсо, Путиндин Орто Азия үчүн даярдап бараткан максаттарына ылайык келет. Россия үчүн бул өлкөлөрдүн аскерий жардамы эмес, алардын куфрга ыктаган символикалык шериктештиги жана жасалма наам үчүн болсо да алар менен аскерий кызматташтык жүргүзүп жатканы маанилүү.

            Учурда казак парламенти, исламий террорчуларды жарандыктан ажырата турган мыйзамды тастыкташты. Демек, Казакстан да, Кыргызстан да, ички саясатында Ислам жана мусулмандарга каршы репрессиялык аракеттерди күчөтүүгө мажбур. Себеби, Сирияга аскер алып кирүү исламий катмарда сиңирүү мүмкүн болбогон нааразылык жаратышы мүмкүн. Куфр дүйнөсүнүн бул долбоордон күтүп жаткан негизги максаты да, кудум ушул исламий нааразылыктан пайдалануу үстүнө курулган!  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here