АКШ Кытайды Исламга каршы күрөштө жигердүү рол аткарууга чакырды

339
0

АКШ Кытайды Исламга каршы күрөштө жигердүү рол аткарууга чакырды

АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы, Чыгыш Азия жана Тынч океан аймагындагы жооптуу Сьюзан Торнтон АКШ менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык жана коопсуздук саммитинен мурун Вашингтондо журналисттерге баянат берди. Ал өзүнүн баянатында Пекинди терроризмге (Исламга) каршы күрөштө дагы да жигердүү рол ойноого чакырды.

Торнтон, Кытайдын Чыгыш Туркистандагы уйгур мусулмандарга карата жасап жаткан кысымдарын эске алып, Пекин өкмөтү терроризмге (Исламга) каршы күрөштө чектелген абалда рол аткарып жатканын белгилеп өттү. Ал, Кытай АКШ жетекчилигинде түзүлгөн коалицияга да кошулуусу керек экенин баса белгиледи.

“Кытай оор кадамдар менен дагы да катуурак рол ойношун каалайбыз. Мында Кытайдын да кызыкчылыгы бар. Маселен, Кытай ИШИМге каршы Иракта түзүлгөн эл аралык коалицияны колдоп-кубаттап, көбүрөк салым кошуусу керек”,- деди Торнтон.

Торнтон, АКШ менен Кытайдын ортосунда ушул аптада боло турган дипломатиялык жана коопсуздук саммитинде дал ушул маселе талкуулана турганын ырастады.

“Биз алардын колунан келе турган иштерди күн тартибине коёбуз. Биздин каалообуз натыйжалуу жолугушуу өткөрүү”,- деди Сьюзан Торнтон.

Жолугушууга АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана АКШ коргоо министри Жим Маттис катышат. Кытай тараптан болсо тышкы иштер министри Ян Цзечи жана башкы штаб жетекчиси генерал Фан Фэнхуэй катышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here