Атамбаев Россияга мамлекеттик иш-сапар менен барат
Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоеванын кабарлашынча, Алмазбек Атамбаев Россияга мамлекеттик иш-сапар менен барат.
Анын айтымында, Россия президентинин чакыруусу менен Алмазбек Атамбаев 19-июндан 24-июнга чейин Россияда болот. Иш сапар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын 25 жылдыгына карата уюштурулган. Бул иш-сапар эки мамлекет ортосундагы алакаларды бекемдөөдө жана стратегиялык жактан маанилүү деп күтүлүүдө.
Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин жана өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен жолугаары пландаштырылган. Муну менен бирге, Атамбаев Россия илимий өкүлдөр жана Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер менен да жолугат.
“Иш-сапардын алкагында Атамбаев, Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына барат. 20-июнь күнү кечкисин Кремлдин чоң залында Кыргызстан таланттарынын концертине катышат жана кыргызстандык режиссёрлор тарабынан тартылган фильмдер көрсөтүлөт. Сапардын жүрүшүндө миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармагында бир катар документтерге кол коюлат. Кабыл алына турган документтердин негизгиси Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы болуп эсептелет”,- деди Айзада Субакожоева.
Мына ушул документте тараптардын позициялары билдирилет. Мындан тышкары, Кыргызстан президенти Татарстан жана Башкирия жетекчилери менен жолугушаары да пландаштырылган. Бул жолугушууларда соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланат. Уфа жана Казан шаарларында да концерттик программалар, көргөзмөлөр жана кино ачылыштары белгиленген.