Лондондо Мусулмандар өрттө калган адамдардын жанын сактап калды

319
0

Лондондо Мусулмандар өрттө калган адамдардын жанын сактап калды

Мубарак Рамазан айынын орозосун кармоо үчүн саарлыкка турган мусулмандар, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды. Англиянын борбору Лондон шаарында 12 адамдын өмүрүн алып, 50 киши жараат алган өрт кырсыгында, айланада жашаган мусулмандар саарлык кылуу үчүн ойгоо болгондуктан көптөгөн адамдардын аман калышына себепкер болушту. Күбөлөрдүн айтышынча, 120 квартирадан турган жана жүздөгөн адам жашаган имараттагы өрттө абал оор болуп, курмандыктар дагы артпашы үчүн мусулмандар каармандык менен аракет кылышкан.

“Independent” агенттигине интервью берген күбөлөрдүн бири, аймактык убакыт менен 00:54тө, тагыраагы адамдар уктап жаткан учурда башталган өрттө, коопсуздук добушу өтө аз чыккандыктан, имаратта жашагандардын ойгонушу кыйын болгон. Саарлык кылуу үчүн ойгоо жүргөн мусулман кошуналар алардын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшашкан.

“Күйүп жаткан имараттан адамдарды алып чыгууда Мусулмандар өтө чоң рол аткарды. Жардамга колун созгон адамдардын көбү мусулмандар болчу. Мындан тышкары алар азык-оокат жана кийим-кечелерин да алып келишти”,- деди окуяга күбө болгон адам.

Башка бир тараптан мечиттер да өрттө жабыркаган адамдарга жардам берүүгө келишкен. “Диндар же динсиз болушуна карабай, дем алуу же уктоону каалаган, же азык-оокат, суусундуктарга муктаж болгон бардык адамдарга эшигибиз ачык”,- деп айтылат Аль-Минар мечити тарабынан берилген баянатта. Мечит кызматчылары жана каалоочулар да кырсык болгон жерге азык-оокат жана суу алып келишкен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here