АКШ учактары Ракка калкын кыргын кылууда
Бардык көздөр Катарга каратылып турган чакта АКШ учактары мусулмандарды кыргын кылууну улантып жатат. АКШ башчылыгындагы аскерий коалиция Сириянын Ракка шаарына уюштурган абадан болгон чабуулдан 300 киши курман болду. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө комиссиясы маалымдады.
Комиссия жетекчиси Пауло Сержио Пинхеиро жана комиссия мүчөсү Карен Конинг Абузайд БУУнун Женевадагы офисинде биргелешкен прес-конференция өткөрүштү. Жыйында Сириядагы тынч калктын абалын жалпысынан “өтө оор” деп баалаган Пинхеиро, “Кээде Раккада ИШИМ көзөмөлүндө жашаган тынч калк бар экени унутулуп калганына күбө болуудабыз”, деди.
Раккада коалициялык күчтөр аба чабуулдарын күчөткөнүнө көңүл бурган Пинхеиро бул кол салууларды “ашынган экстримизм”,- деп атады. Комиссия мүчөсү Абузайд болсо, комиссияга жалаң гана коалициянын аба чабуулдары жазылып калганын билдирди.
“300дөн ашык тынч калктын өмүрү кыйылды. Мансури кыштагынан эле 200 киши өлтүрүлдү”,- деди Абузайд.
Көз карандысыз комиисия, Россия, Түркия жана Иран тарабынан “согушту токтотуу” бүтүмү түзүлгөн төрт аймакта кол салуулар аёсуз уланып жатканын, бир гана аймакта кол салуулар бираз азайганын билдирди.