БУУнун башкы катчысы Кыргызстанга келди
БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш 11-июнь күнү Борбор Азия республикаларын бойлой жасаган иш-сапарынын алкагында Бишкекке келди.
Ал алгач “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуудагы маселелерди талкуулашты. Андан соң Гутерриш Ош шаарына барды.
Өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн кабарлашынча, Ош эл аралык аэропортунда Гуттеришти премьер министр Сооронбай Жээнбеков күтүп алды.
“Иш сапардын жүрүшүндө Антониу Гуттериш менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда эки тараптуу жолугушуулар жана жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп өттү. О.э өкмөт башчы менен БУУ баш катчысы “Энелердин көз жашы” аттуу эстеликке гүлчамбар коюшуп, 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн трагедиялуу окуяга багышталган сүрөт көргөзмөгө катышты”,- деп айтылат кабарда.
БУУ баш катчысы Борбор Азияга кылган иш-сапарынын алкагында буга чейин Казакстан менен Өзбекстанга да барган. Кыргызстандан кийин Тажикстанга барышы пландаштырылган.
Туркистон:
БУУ баш катчысы, 2010-жылда болуп өткөн улуттар аралык согушта курман болгондорду атайын эстеп, бизге да эстетип өткөнү өтө аянычтуу. Батыш дүйнөсү, кыргыз өкмөтүнө басым жасап, бирер кызыкчылыгын ишке ашырмакчы болгондо, жогорудагы сыяктуу эң назик жана эми түзөлүп келаткан жараларыбызды кайрадан чукуй башташат. Аларды биздеги улуттар азчылыгы, же зулум чегип жаткан улуттар катмары тынчсыздандырбайт. Тескерисинче, аларды ушул улуттук карама-каршылыктардын жоголуп баратканы, арабыздагы карым-катнаштар түзөлүп жатышы тынчсыздандырат!