Трамп дагы бир жолу Катарды айыптады
АКШ президенти Дональд Трамп Катарды дагы бир жолу терроризмди каржылап жатат деп айыптады. Ак үйдө кылынган маалымат жыйынында, Трамп Катардын терроризмди жогору даражада колдоп-кубаттап жатканын билдирип, муну токтотууга чакырды.
“Бир чечимге келишибиз керек. Жеңил жолду тандайбызбы же кыйын жана зарыл болгонун кылабызбы? Терроризмди каржылоону токтотушубуз зарыл. Менимче Катардын терроризмди колдоп-кубатташын токтотууга чакыра турган мезгил келди”, деди Трамп.
Саудия башчылыгында Катарга блокада жарыя кылган мамлекеттер да Катарды “Мусулман бир туугандар” жана “Хамас” сыяктуу уюмдарды каржылайт деп айыпташты. Саудия тышкы иштер министри Адил Жубайр акыркы билдирүүсүндө, Катардан “Мусулман бир туугандар” жана “Хамасты” каржылоодон баш тартуусун талап кылды.
Бирок, Хизб ут-Тахрир Түркия вилаятынын маалымат катчысы Махмуд Кардын билдиришинче, Катар кризисинин себеби “Мусулман бир туугандар” же “Хамас” эмес. Тескерисинче, мунун себеби Сирия маселесине барып такалат.
“Катар кризисинде негизги маселе Катардын “Мусулман бир туугандар” же “Хамас” же Сириядагы башка уюмдарга жардам берүүсү эмес. Балким, бул абал мурунтан бери чечилбей келе жаткан жана баарына маалым болгон Сирия маселесине байланыштуу. АКШ Британиянын карамагы астында болгон Катарга басым өткөрүп, Британияны Сирия жана Ирак маселесинде өзүнүн пландарына моюн сундурууга аракет кылууда. Трамп Катар кризисине карабай, “CENTCOM” (Экинчи Булуң согушунда Катарга жайгаштырылган АКШ борбордук күчтөр командачылыгы) Катардан туруп башкарыла турганын айтууда. Катардын буга үн чыгарбашы, Британиянын басым астында калгандыгын жана буга ыраазылыгын түшүндүрөт”, деди Хизб ут-Тахрир Түркия вилаятынын маалымат катчысы Махмуд Кар.