Ибрахим Калин: АКШ менен кызматташууну улантабыз
Түрк өкмөтү Сирияда АКШ менен кызматташтыкты улантат. Бул тууралуу Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калин NTV телеканалында түз эфир аркылуу берген баянатында маалымдады.
“Биз албетте ИШИМге каршы күрөшүп жаткан коалициянын бир бөлүгү катары АКШ менен кызматташууну улантабыз. Кудум Россия менен бирге иш алып барып жатканыбыздай”,- деди Калин.
Түркия президенти Режеб Таййип Эрдоган мындан бир ай мурун, тагыраагы, АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугуу алдында, эгер АКШ “PYD” жана “YPG”ны курал-жарак менен камсыздай турган болсо АКШ менен келише албастыгын билдирген.
“Мындай нукта улана турган болсо, Америка менен келише албайбыз. АКШнын биздин душман катары саналган террорчу тайпалар менен кызматташуусун албетте туура эмес деп эсептейбиз. Мен ойлойм Трамп мырза да биздин бул пикирибизге оң баа берет”,- деген Эрдоган.
Дал ушул учурда АКШ Сирияда ИШИМге каршы күрөштү шылтоо кылып, “PYD” жана “YPG”ны аскерий жардамдар менен камсыздоону улантып жатат. Болжолдуу үч апта ичинде аскерий техника жана курал-жарактар жүктөлгөн жалпы 218 транспорт Ракканын түндүгүндөгү “YPG” аскерлерине жиберилди.
Акыркы кабарларга ылайык, аскерий техника жана курал-жарактар жүктөлгөн дагы 70 транспорт АКШнын Аль-Хасакидеги Румейлан аба базасынан кече күнү жолго чыккан. Түрк расмийлери Обама башкаруусунун планы деп шылтоо кылып жаткан “PYD”ны куралдандыруу иши Дональд Трамптын расмий чечими менен ишке ашырыла баштады.