Мирзияев: экстремисттерди Өзбекстан жарандыгынан чыгарууга даярмын

268
0

Мирзияев: экстремисттерди Өзбекстан жарандыгынан чыгарууга даярмын

Өзбекстан президенти экстремисттерди жарандыктан ажыратууга даярдыгын айтты. Бул тууралуу, “Спутник” кабар агенттиги маалымдады.

Шавхат Мирзияев Андижан облусуна уюштурган сапары учурунда , “Эртеңки күнүбүз тынч болушу үчүн, чектен ашкан экстремисттерди Өзбекстан жарандыгынан чыгаруу боюнча сунуш киргизүү керек”,- деп билдирди. Президенттин билдирүүсү “Өзбекстан” телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлгөн.

Президент, ушул маселеде аткаруучу органдар тарабынан жол берилип жаткан каталарды көрсөтүп, “Өз турмушун эсктремисттик ишмердүүлүк менен байлап алган адамдардын бир туугандарын коомчулуктан чыгарып таштоо сыяктуу иштерге жол берилбеши керек” экенин айтып өттү.

“Адашкандарды биз илим менен жана турмуштук маселелер аркылуу коомго кайтарышыбыз керек. Эгер, беш аймакта 20-30 адам адашкан болсо, алардын бешөө чектен чыккан болушу мүмкүн – алар позициясынан кайтпайт. Мына ушуларды Өзбекстан жарандыгынан чыгаруу керек жана буга даярмын”,- деп билдирди Мирзияев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here