Ыссык-Көлдө даъватчылар кармалды

557
0

Ыссык-Көлдө даъватчылар кармалды

Кабарларда келишинче, Ыссык көл облусунун Түп районунда мыйзамсыз даъватка чыккан деген айып менен 9 киши УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Алар Чүй жана Нарын облустарынан келишкен.

“Даъватчылар менен Түп районунун имамы Бакыт Кайкиев түшүндүрүү иштерин алып барды. Бирок, алар өз пикирлеринде бекем туруп алышты. Алардын арасында айрымдарынын паспорту жок экен. Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгынын даъват бөлүмүнөн даъватка чыгуу үчүн берилген атайын уруксат кагазы да жок болуп чыкты. Баарынан аянычтуусу, алардын арасында 17 жашка эми толгон өспүрүм да бар экен. Даъватчылардын ар бирине 500 сомдон айып пул салынды. Мыйзамда башка жаза түрү каралбаган. Өткөн жылы да ушундай эки тайпа даъватчыларды колго түшүрүп, айып пул салынган соң жашаган жерлерине жөнөтүп жибергенбиз”,- деди 10-бөлүмдүн башчысы Майрамбек Султанов.

Туркистон:

Эл аралык саясат Ислам жана мусулмандарга каршы иш алып барууда. Кыргызстан өкмөтү да Россия жана Казакстандын басымы астында кыргыз коомчулугунун исламдашуусуна каршы күрөшүүгө киришти. Коомдун исламдашуусуна өз салымын кошуп жаткан Таблиг жамаатынын үймө-үй кыдырып даъват кылышына тыюу салган мыйзам долбоору иштеп чыгылды. Бул мыйзам Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде 29-май күнү каралып, колдоо тапкан соң тастыктоо үчүн парламентке сунушталды.

Коомдун исламдашуусуна каршы күрөшүп жаткан өкмөт жана күч органдары даъватчыларды жаман көрсөтүү үчүн өздөрүндөгү болгон мүмкүнчүлүктү ишке салууда. Маалымат каражаттары да өкмөт жана күч органдарынын бул ишине эбегейсиз жардам көрсөтүүдө.

10-бөлүмдүн башчысы Майрамбек Султанов колго түшкөн даъватчылар ичинде 17 жашка эми толгон өспүрүм бар экенин “аянычтуу” абал деп баалады. Болбосо, 2016-жылы 15 жаштагы кыз мектеп окуучусу болгонуна карабай, “Мисс бикини 2016” “макамына” ээ болгону жана Пекинде боло турган эл аралык конкурска катыша турганы маалымат каражаттарында Кыргызстандын сыймыгы катары чагылдырылган. Негизи мусулмандар үчүн мына ушул маселе баарынан аянычтуу болчу.

Мындан тышкары, адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу Алла Таала тарабынан мусулмандардын мойнуна жүктөлгөн парз амал болуп, муну кылуу үчүн пенденин уруксаты талап кылынбайт.

Имам Термизий Хузайфа ибн аль-Яман разияллаху анхудан риваят кылган хадисте Расулуллах салаллаху алайхи ва саллам айтат: “Жаным колунда болгон Затка касам ичем, же жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар, же Алла тез арада үстүңөргө Өзү тараптан азап жиберет. Андан соң Ага кандай гана дуба кылсаңар да кабыл кылбайт”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here